Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

МОСКВАДА ДҮЙНӨЛҮК ГЕЗИТ КОНГРЕССИ ЖАНА РЕДАКТОРЛОРДУН ФОРУМУ ӨТҮП ЖАТАТ


Төрөкул Дооров, Москва. Кечээ, 5-июнда, Москвада Дүйнөлүк гезит Ассоциациясынын 59-конгресси жана редакторлордун эларалык форуму ачылды. Үч күндүк жыйынга 100 дөн ашуун мамлекеттен 1700 дөй редактор, менеджерлер келишкен. Конгресстин ачылышына орус президенти Владимир Путин да катышты жана Орусиядагы сөз эркиндигинин начар абалы жөнүндө сын укту.

Ушу күндөрү Орусияда баары эле басма сөз эркиндиги жөнүндө сүйлөп калышты. Анткени Москвада ар кайсыл мамлекеттерден келген журналисттер Дүйнөлүк гезит конгрессинин алкагында түрдүү «тегерек үстөл» талкууларын уюштуруп жатышкан чагы.

Дүйшөмбү күнү жыйынды ачып жатып, Дүйнөлүк гезит Ассоциациясынын президенти Гейвин О’Рейли чү дегенде эле Орусияны сынга ала баштады. Ал «Конгрессти Орусияда өткөрүүгө да көпчүлүк макул болбогонун, анткени бул жакта сөз эркиндиги жок экенин» белгиледи.

Өз докладында ал орус бийликтерин басма сөз каражаттарына басым жасалып жатканы үчүн айыптап, мамлекетке баш ийген ири каржы топтор улам гезит-журналдарды сатып алууга аракет кыла башташкандарын айтты.

Мунун баарын угуп олтурган орус президенти Владимир Путин, албетте, макул боло берген жок. Анын айтымында, басма сөз эркиндигин сактап калуу өлкөнүн өнүгүшүнүн эч өзгөрүлгүс талаптарынын бири болуп турат, ал эми маалымат каражаттарындагы мамлекеттин ролу барган сайын кыскарууда.

- О’Рейли мырза маалымат каражаттарында мамлекеттин мааниси улам артып жатканын айтты, менде бул тууралуу башкача маалымат бар. Орусиялык басма сөздө барган сайын мамлекеттин үлүшү, тетирисинче, азайып баратат. Муну оп-оңой эле текшерсе болот, - деди Владимир Путин.

Анын айтымында, 1991-жылы Орусияда күчүнө кирген Маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзам «жалпы эле дүйнө боюнча эң либералдуу мыйзамдардын бири». Ал, ошондой эле, бүгүн орусиялык маалымат базарынын мейкиндиги улам кеңейип баратканын, азыр жалпы өлкө боюнча 53 миң мезгилдүү басылма, 3 миңден ашуун телерадиокомпания бар экенин айтып, «Мамлекет басма сөзгө көзөмөлдү күчөтүүнү каалаган күндө деле мунун баарына кол тиймек эмес» деди.

Ошентип, президент менен дүйнөлүк гезитчилер бири-бирин түшүнө беришкен жок. Балким, алдыдагы 2 күндө түшүнүүгө дагы мүмкүндүк болоор. Бирок айрымдар буга да ишенбейт, ошондуктан жыйынга такыр эле келишкен жок. Алардын бири - Москвадагы Экстремалдык журналистика борборунун директору Олег Панфилов.

- Мен бул конгресске барбаганым ага каршылык билдиргеним болду. Анткени өзүндө сөз эркиндиги болбогон мамлекетте «Басма сөз эркиндигин кантип өнүктүрүү керек?» деген өңдүү жыйындарды өткөрүү мүмкүн эмес деп ойлойм. Эгер бул Ассоциация Орусиядагы сөз эркиндигине гана арналган жыйын өткөрсө, аябай жакшы болмок, андай болгон күндө, президент Путин келип, «Орусияда баары жакшы» деп доклад окумак эмес, - дейт Экстремалдык журналистика борборунун директору Олег Панфилов.

Москвада кечээтен бери өтүп жаткан бул конгресс жана форум эртең ишин жыйынтыктайт.
XS
SM
MD
LG