Жолугушууга Япониянын,Кыргызстандын,Тажикстандын жана Өзбекстандын тышкы саясий мекеме башчылары,Казакстандан министрдин орунбасары катышты. Ооган министри байкоочу катары чакырылды. Түркмөнстан өз өкүлүн жөнөткөн жок.
Макулдашылган аракет-планда региондо демократияны жана рынок экономикасын өнүктүрүү,адам укуктарын коргоо зарылдыгы белгиленди. Япония региондогу өлкөлөргө чек араларын бекемдөөгө,жакырлыкты жоюуга,экологиялык проблемаларды чечкенге, өзгөчө Тажикстандын автожолдорун кайра жаңылап чыкканга жардамдашат. Акыркы долбоорго аймактагы мунай жана газ байлыктарын, башка товарларды Ооганстан аркылуу Инди океанына жеткирип, андан ары дүйнөлүк рынокко чыгаруу аңытында өзгөчө маани берилди.
“Борборазия – Япония диалогу” аталган бул жолугушуу биринчи ирет мындан эки жыл мурда Астанада болгон эле. Эми аны такай өткөрүп туруу, атүгүл атайын саммит уюштуруу жагы макулдашылды.
Байкоочулар Токиодогу жолугушууну Япониянын региондо активдүү оюнчу болуу ниети катары баалашты. Кембриж университетинин эксперти Жон Свенсон-Райт региондо Кытай пайда болгондон бери Япония аймактагы таасирин күчөткөнгө жүйөө издей баштаганын белгиледи. Кытай менен Россия болсо борборазиялык төрт өлкө менен Шанхай кызматташтык уюмунуг алкагында алакасын бекемдегенге жетишкен. Андыктан алар регионго Японияны оңойлук менен киргизе коеру күмөн. Жергиликтүү эксперттер Токио борборазиялыктарды жалаң экономикалык кызматташтык аркылуу гана өзүнө имере алышы мүмкүн дешет. Анын үстүнө Япония регион дүйнөлүк державалардын кызыкчылыктарына көз каранды болбостон,өз алдынча саясат жүргүзүшү керек деп эсептейт. Токионун бул позициясы министрлер макулдашкан планда да атайын белгиленди.
Жон Свенсон-Райт деген менен Япониянын дипломатиялык аракеттеринен баары бир саясий маани көрөт. Энергетикалык кызыкчылык Борборазиядагы жаңы саясий “чоң оюнга” караманча каршы турган Япониянын өзүн дал ушул процесстин дагы бир активдүү катышуучусу кылып коюшу мүмкүн.