Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

АЛЫС - ЖАКЫН ЕВРОПА (2-бөлүк)


1945-жылы советтик аскер жетекчилигинин уруксаты менен уруштан талкаланган Германиянын башкалаасында «Берлинер цайтунг» гезити чыга баштаган. Кыргызча «Берлин гезити» деп аталган бул басылма социализм тушунда Германия Демократиялык Республикасынын коммунисттеринин идеологиялык куралы, кийин Берлин дубалы урап, эки дүйнөнү эрегишке чакырган «кансыз согуштун» мизи кайткан чакта өтүмдүү басылма жеке менчикке сатылган. Бул иш 1989-жылы болгон.

Андан бери мурдагы коммунисттик гезитке ээ чыккандар үч ирет өзгөрүлдү. Англиялык, андан соң америкалык инвесторлордун колунда иштеген басылманын азыркы ээси Немис басылмалар үйү. Гезиттин бир күндүк нускасы 175 миң. Негизинен өлкөнүн чыгыш тарабында өтүмдүү басылманын жаңы ээси биз барган кезде гезиттин башкы редакторун кызматтан алып, ордуна өзүнүн кишисин дайындап койгон чагы экен.

«Берлинер цайтунг» гезитинин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Франк Херольд мырза эмгек жамаат жаңы дайындоону жактырбай кабылдаганын айтып, талаштуу маселе журналисттердин кесиптик кошууну аркылуу чечилип калышы ыктымалдыгын билдирди. Ортодогу талаштан улам күнүгө эки ирет чыгуучу басылма бул ирет гезитти жазылып алуучулар үчүн гана , баштагыдай калың эмес, 12 барак гана чыгыптыр.

- Натыйжасы ушул, бүгүн мурдагыдай калың эмес, жука гезит чыкты. Бизде күнүнө эки ирет гезит чыгат. Эртең менен саат алтыдан тарта сатууга чыкчу гезит бир күн мурда кечинде эле басылат. Эртеси гезитке жазылгандар үчүн жаңыланган саны чыгат. Мынабул бир сан жазылгандар үчүн гана чыкты. Бүгүн ал жука, 12 беттен гана турат. Биринчи бетте редакциянын атынан эмне үчүн нааразы болуп жатканыбызды билдирдик. Жаңы редактор өзүнүн позициясын экинчи бетте билдирди. Калган беттер кызыгып окугандар үчүн. Анткени бул ирет мурдагы көнүмүш ирети жок, болгон макалалар жарыяланды.

«Берлинер цайтунг» гезити өлкөнүн чыгышында барктуу болгону менен анда мурдагы социализм доорун эңсөө маанайындагы макала, эскерүүлөр жарыяланбайт. Франк Херольддун айтымында, өтүмдүү басылма өзүн-өзү актап, гезит ээсине киреше алып келатат. Гезиттин жаңы кожоюну басылмадан мурдагыдай түшкөн кирешенин 10% гана алууну аз көрүп, анын 20% көбөйтүү аракетин көрүүдө.

Антиш үчүн редакциядан иштегендердин санын кыскартыш керек. Ф.Херольд Германияда эмгек кодекси боюнча иштеп аткан кишини жумуштан бошотуу түйшүгү көп артыкбаш жүк деп эсептейт. Ушу тапта иштеп аткан 150 кишини дагы кыскартуу гезиттин сапатына зыянын тийгизип салыш ыктымалдыгы бар.

Гезиттеги талаш Германия журналисттер биримдигинин кесиптик кошуунуна маалым экенин, маселени мыйзам негизинде чечүү керектигин аталган уюм жетекчиси Питер Писторас айтты.

- Журналисттердин укугун коргоону конкрет мисалдын негизинде түшүндүрүп бергим келди. Сиздер бүгүн эртең менен «Берлинер цайтунг» гезитинин редакциясында болдуңар. Ошондон ал жерде кандай проблема чыгып, талаштын эмнеден пайда болгонун билесиңер. Бул талашты чечүүдө биз журналисттерге жардам беребиз. Германиядагы журналисттердин укугу эмгек мыйзамы менен белгиленген. Ага ылайык эмгек жамаатынын ишине таасир тийгизчү маанилүү өзгөрүү болордо ириде эмгек жамаатынын мүчөлөрүнүн пикирин сураш абзел. Бул жерде болсо биз «Берлинер цайтунг» гезитинин эмгек жамааты менен жетекчилиги эки тарапка тең устав иштеп чыгууну сунуштап жатабыз. Анда эмгек жамаатынын пикирин сурабай башкы редакторду дайындоого мүмкүн эместиги көрсөтүлүшү керек.

Бир гезиттин айланасынан чыккан талаш тууралуу биз жолуккан маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, саясий ишмерлер, жөнжай адамдардын көбү кабардар экенин билдиришип, эмгек жамаатынын аракетин колдой турушкандыктарын айтып жатышты.

Атүгүл «Берлинер цайтунгдун» кыйла жылдардан берки атаандашы «Тагесшпигель» гезитинин редактору Клаудия фон Зальцен айым да кесиптештеринин башына түшкөн оор маселенин оңунан чечилишин каалай турганын билдирди.

Журналисттик тилектештиктин мына ушул жөнөкөй мисалы борборазиялык кесиптештеримди кыйла ойго салды. Германияда бир мамлекеттик маалымдоо каражаты жок. Борбор Азияда өкмөттүк жана өзүмдүк, президентчил жана эркин маалымдоо каражаттарынын итжыгылыш талашы эгемендик заманында элди эриктирбей келатат.

Айтса, мурдагы социалисттик өтүмдүү «Берлинер цайтунгдун» атаандашы «Тагесшпигель» басма ээсине киреше алып келбеген гезит. Аны гезит редактору Клаудия фон Зальцен айым да ырастады. Бирок да бул гезитте 340 адам иштейт. Зальцен айымдын айтуусунда, «Берлин дубалы» ураганына 17 жыл ашуун убакыт өткөнү менен дагыле мурдагы кош өлкөнүн ортосундагы айырма сакталып калууда. Ал айырмачылык эки гезиттин окурмандарынан да байкалат. «Тагесшпигель» батыш Берлинде өтүмдүү, «Берлинер цайтунг» чыгышта жашагандардын сүймөнчүк басылмасы.

Берлиндеги жолугушууларда кийинки жылдары гезит окуу азайып баратканы тууралуу арбын кеп болду. Антишке электрондук маалымат каражаттарынын арбышы, журналисттердин кесиптик деңгээлинин төмөндүгү, анан да каржылык кыйынчылыктар себеп болуп жатканы белгиленди.

Германиядагы жогорку окуу жайларында журналисттер даярдалбайт. Чыгармачылыкка ынтызар жаштардын көбү студент кезинде эле кайсы бир басылма менен алака-катышта болуп, тажрыйба алып кийин иштеп кеткен учурлары аз эмес.

Берлиндеги Эркин университетте иштеп жаткан журналисттердин кесиптик камылгасын көтөрүүчү убактылуу курстар ачылган. Ага КМШ мамлекеттеринен немис тилин мыкты билген жаш журналисттер келип билимин жогорулатып кетишет.

Германияда мамлекеттик маалымдоо каражаты болбогону менен бюджеттен каржыланган эларалык «Дойче велле» («Немис толкуну») телерадиосу кыйла жылдардан бери иштеп келатат. Дүйнөнүн 30 тилинде обого чыккан эларалык маалымдоо каражатынын орус редакциясынын биринчи редактору Никита Жолквер Германиядагы иши тууралуу айтып берди.

- Мен муну «немистик Кремлдин тизгини» деп атап жүрөм. Бирок бул өз алдынча уюм. Мурда Бонндо иштечү. Эми Берлинге көчүп келди. Немис саясатын чагылдырган журналисттердин бир тобу. Алар Берлиндеги өкмөт, парламент, саясий партиялардын ишин, федералдык маалыматтарды чагылдырып турушат.

«Дойче велле» - «Немис толкуну» үналгысы жайгашкан имаратта журналисттердин маалымат жыйынын өткөрүүчү кенен жайы бар. Ага журналисттер биримдигине кирген, айлык маянасынан мүчө акы төлөп турган журналисттер гана кире алышат. Жуманын үч күнү сөзсүз бийлик өкүлдөрү келип маалымат жыйынын өткөрүп турушат.

- Өкмөт, парламент, саясий партиялар элге сөз айткысы келишсе ушул жерден айтышат. Бул абдан маанилүү нерсе. Себеп дегенде, саясатчылар менен журналисттердин ортосундагы оюн биздин талаада өтөт. Биз ал жакка барбайбыз, «Кремлдин» көөнү келгенде бизди чакырып калбайт, алар бизге келишет.

Маалымдоо каражаттарында жайылып кеткен калпыс кабар, инсандын адамдык ариет арнамысына шек келтире турган талаштуу маселелер журналисттер биримдигинде каралып, күнөлүү басылма, журналистке эскертүү берилет. Эскертүүнү жарыялоо же баспай коюу басылманын эркиндеги иш.

Сүрөттө : Берлин. Рейхстагдын бүгүнкү көрүнүшү

XS
SM
MD
LG