Токиодо Борбор Азиялык төрт мамлекет менен Япониянын тышкы иштер министрлеринин форуму аяктады. Министрлер регионалдык кызматташтыктын планын макулдашышты. Анда коопсуздук, терроримзге каршы биргелешип күрөшүү, чегараларды бекемдөө жана башка тармактардагы кызматташуулар каралган.