Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:36

КЫТАЙДА КЕЛЕЧЕКТЕ ЭКОЛОГИЯЛЫК КӨП МАСЕЛЕ ЧЫГЫШЫ ЫКТЫМАЛ


Нарын АЙЫП, Прага Кытайдагы Янцзы дарыясында ири гидроэлектростанция курулуп жатат жана анын курулушу үчүн мурда тургузулган кошумча дамба 6-июнда жок кылынды. "Үч капчыгай" деп аталган бул курулуш дүйнөдөгү эң ири гидрокомплекске айланат жана экологдордун пикиринде, анын жаратылышка боло турган таасири да толук изилденип чыга элек. Эксперттердин айтымында, Кытайда экологияга көңүл жетиштүү бөлүнбөгөндүктөн, келечекте көптөгөн маселе чыгышы мүмкүн.

Янцзы дарыясындагы курулуш 2008-жылы аяктайт жана ГЭС жылына 85 миллиард киловатт-саат электр кубатын өндүрө баштайт, 2011-жылга карата болсо анын өндүрүмдүүлүгү дагы көбөйтүлөт. Курулушка 22 жарым миллиард доллар жумшалды, анын таасири 20 миллион адамга тийет, алардын жүздөгөн миңи болсо башка аймактарга көчүрүлдү жана бир нече жаңы шаар да курулду.

ГЭСтин жанында ири суу сактагыч пайда болот жана андагы суунун дэңгээлин өзгөртүп туруу менен кытай бийлиги Янцзы боюнда жыл сайын болгон суу кырсыктарын азайтууну көздөйт. Бирок, экологдордун айтымында, мынчалык ири курулуш табийгатка дагы сөзсүз арты кайрылгыс таасир тийгизет, жайылган жаңы көлдүн ортосунда бир нече арал пайда болот жана экология сөзсүз өзгөрөт, бирок анын кесепеттери тууралуу маалымат каражаттарында кабарлар аз.

"Үч капчыгай" деген жерден башка аймактарга көчүрүлгөн элдин бир кыйла бөлүгү Шиңжаң аймагында отурукташууда жана аны менен автономияда жашаган жергиликтүү калктын үлүшү азаят. Аны менен катар эл санынын жалпы көбөйүшү экологияга да таасир тийгизүүдө, мисал үчүн, Шиңжаңдан башталган Или дарыясынын суусу азаюуда.

Казакстандагы "Табийгат" деп аталган коомдун жетекчиси Мэлс Элеусизовдун айтымында, жыл өткөн сайын Или дарыясы кургап баратат: "Биздин эң чоң көлүбүз Балхашка куюлган суунун 80 пайызын Или дарыясы алып келет. Бул дарыянын суусунун 70 пайызы Кытайдан келет. Кытайда болсо азыр миллиондогон адам борбордук аймактардан Шиңжаң-Уйгур автономиялуу районго көчүрүлүүдө. Алардын баарына суу керек, өндүрүш жана айыл чарба үчүн суу талаптуу жана алар сууну Илиден алат. Эгер алар дарыя суусунун 15и эле пайызын пайдаланса, биздеги Балхаштын айланасында Арал деңизиндегидей алаамат башталат", - дейт Элеусизов.

Азыр Кытай экономикалык жактан эбегейсиз өнүгүүдө жана айрым окумуштуулардын эсептери көрсөткөндөй, 25 жылдан кийин Кытай эли эгиндин азыркы дүйнөлүк өндүрүшүнүн үчтөн экисин пайдаланат, ал эми азыркы дүйнөлүк мунай кризиси дагы Кытай өндүрүшү өтө өсүп баратканы менен байланыштуу. Илимпоздордун айтымында, мындай шартта экологияга өзгөчө көңүл бурулууга тийиш, бирок Бээжин тараптан ага жетиштүү көңүл жана каражат бөлүнбөй жатат.

Өлкөнүн Экологиялык коргонуу агенттигинин башчысы Жу Гянгао 5-июнда билдиргенге караганда, табийгаттын жетиштүү корголбогонунан мамлекетке жыл сайын 200 миллиард доллар зыян тийип жатат, бул зыян Кытайдын бир жылдык дүң өндүрүшүнүн 10 пайызына барабар. Андан бир апта мурда Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттарында пайда болгон кабарга караганда, Янцзы дарыясынын суусунда рак оорусуна алып келген химиялык заттар да табылды жана шашылыш чаралар көрүлбөсө, беш жылдын ичинде дарыянын бою уулуу өзөнгө айланышы мүмкүн. Янцзы океанына куйган жерде болсо 20 миллион калкы бар Шанхай шаары жайгашат.

XS
SM
MD
LG