Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

КМШда СӨЗ ЭРКИНДИГИ МӨРТӨ-ШӨРТӨ


Бүгүн Москвада гезиттердин дүйнөлүк бирикмеси – WAN – кезектеги жылдык форумун аяктайт. Жыйын ачылган күнү бирикменин президенти Гэвин О’Рейли Россиянын бийликтерин маалымат каражаттарынын эркиндигин чектеп жатканы үчүн кескин сынга алган эле. Ал эми калган экс-совет республикаларындагы абал кандай? Бул суроого гезиттердин дүйнөлүк бирикмесинин басма сөз эркиндиги боюнча директору Кайза Торнрот жооп берди.

Постсоветтик аймактан ал баарыдан мурда Белоруссиядагы абалга өзгөчө камтамалыгын билдирди. Быйыл марттагы президенттик шайлоодон кийин бул жерде басма сөз бийликтердин катуу басым-тепсөөрүндө калды. Ал эми Түркмөнстанда басма сөз эркиндиги дегенден дегеле эчтеме жок. Өзбекстанда болсо Анжиандагы окуялардан кийин кырдаал ого бетер оорлошуп кетти.

Ыңкылап жолу менен бийлик алмашкан үч өлкөдөгү жагдайга кайрылып, Торнрот Кыргызстанда былтыркы март окуяларынан бери маалымат каражаттарынын эркиндигин кеңейтүү жагынан жылыштар боло электигин, ошентсе да жергиликтүү журналисттер өзгөрүүлөргө үмүт кылып жатышканын белгиледи. Украинада революция алдында маалымат каражаттары өтө мыкты иштеди. Азыр алардын көз карандысыздыгы бекемделди деп ырастаган ырасмий өкүлдөр бар,бирок абал иш жүзүндө кескин оңолуп деле кеткен жок. Буга салыштырмалуу Грузияда жагдай аз болсо да жакшыргансыды, өзүнүн редакциялык саясатын эркин жүргүзө алган гезиттер,электрондук маалымат каражаттары пайда болду. Болгону алардын баары менчик басылмалар, негизинен мындай жылыштар көз карандысыздыкты бийик мурат көргөн, эркиндик идеясына берилген журналисттердин жеке демилгеси,алардын күч-аракети аркасында гана болуп жатат. Буга бийликтердин азырынча салымы аз же дегеле жок десе болот.

Торнрот постсоветтик аймакта эркин басма сөздү өнүктүрүүдө интернет чечүүчү роль ойношу мүмкүн деп эсептейт. Ошол эле учурда экс-совет республикаларында бул тармакты өкмөттүн көзөмөлүнө алып, интернеттин мүмкүнчүлүгүн чектегиси келген аракеттер күч ала баштаганын да белгиледи.
XS
SM
MD
LG