Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

КАЗАКСТАН: “АЛГА” ПАРТИЯСЫ КАТТАЛБАЙТ


Казакстандын Жогорку соту оппозициялык “Алга” партиясын каттоодон баш тарткан юстиция министрлигинин чечимин мыйзамдуу деп тапты. Соттун чечиминде партиянын мүчөлөрү арасында “өлүү жандар”, ошондой эле жарандыгы жок адамдар бар экени айтылат. “Алга” партиясы “Казакстандын демократиялык тандау” кыймылынын базасында түзүлгөн эле, кыймыл былтыр жыл башында соттун чечимине ылайык таркатылган. Сүрөттө : «Алга» партиясынын лидери Асылбек Кожакметов.

Юстиция министрлиги “Алга” партиясынын мүчөлөрү мыйзамда аныкталган 50 миң кишиге жетпейт деп эсептеп, каттагандан баш тарткан. “Алгалыктардын” арызын быйыл апрелде Астананын шаардык соту карап,ишти министрликтин пайдасына чечкен. Кечээ өлкөнүн Жогорку сотунун коллегиясы ошол чечимди күчүндө калтырды.

Партиянын 200дөй мүчөлөрү менен тарапкерлери бул чечимге нааразылык билдирип, соттун имараты алдында митинг өткөргөнгө аракет кылышты. Бийликтер аларды кууп таркатты. Он чакты адам кармалып, тергөө-тескөөдөн өтүштү. Айрымдарына 20 миң теңгеден айыппул салынды.

Митингге катышканы Алматыдан барышкан айрым активисттерди милиция эрте менен түз эле вокзалдан кармап кетти. Керээли кечке шаардык ички иштер башкармалыгында тергеп-териштирип, андан соң кое беришти.

Казакстанда азыр ырасмий таанылган он эки партия бар,алардан үчөө гана оппозициялык маанайды билдирген саясий уюшмаларга кирет. Буга чейин өлкөдө сынчыл маанайдагы бир нече маалымат каражаттарына да иш козголуп,айрымдары жабылды. Мындан тышкары партиялар жана басылмалар маал-маалы менен кайра каттоодон өткөрүлөт.
Бийликтердин уруксатысыз демонстрацияларды,митингдерди жана башка нааразылык акцияларын уюштурганга тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG