Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:08

ӨЗӨКТҮК ТЕХНОЛОГИЯНЫН ЖАЙЫЛУУ КОРКУНУЧУ АЛИ ЧОҢ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Жакында Канадалык документалист Жулиан Шер Пакистандын атомдук бомбасын жасап чыгарууну жетектеген инженер Хан жөнүндө документалдуу фильм тартты. Пакистанды өзөктүк куралга ээ өлкө кылып, атомдук технологияны Иран, Түндүк Корея жана Ливияга тымызын саткан деп айыпталган инженер азыр үй камагында. Ал 2001-жылы, бул тымызын иштеринин бети ачылганда кызматтан алынып, 2003-жылдан баштап эки жакка чыкпастан, Исламабаддагы үйүндө жашайт. Бирок ошого карабастан, канадалык документалист анын тымызын түзгөн бизнеси дагы эле иштеп жатканын кооптонуу менен божомолдойт.

Канадалык документалист Жулиан Шердин "Өзөктүк Жихад" деген фильминдеги теманын актуалдуулугун АКШнын Нью-Йорк Таймс гезитинин кабарчылары, учурунда өзөктүк технологияны жайылтпоо боюнча бир катар материалдарды жазышкан журналисттер Дэвид Зэнгер менен Уильям Броад да белгилешет.

Бул эки журналист тең 2002-жылы Хандын тымызын иштеринин бети ачылган чакта, анын бул кылмышын айгинелеген фактыларды иликтеп, АКШнын чалгындоо кызматынын аны эмне себептен көз жаздымда калтырып, өтө кеч билип калгандыгынын себептерин ачууга аракеттенишкен. 5-июнда АКШнын Тышкы байланыштар кеңешинде өткөн угууларга катышкан бул эки журналист Хан пресса менен байланышуу укугунан ажыртылганы менен, ал түзгөн тымызын бизнес дагы эле иштеп жатат жана бизнестин канчасы калып, канчасы дагы эле иш жүргүзүп жатканын аныктоо кыйын экенин айтышты.

"Хан түзгөн тармактын кайсы бир элементтери анын катышуусуз эле иштей алаарында күмөн жок. Муну Ирандын уран байытууга көмөктөшө турган жабдууларды Европанын ар кайсы аймактарынан импорттоп жаткандыгы тастыктай алат. Андай көмүскө иштердин канчасына Хан өзү баш-көз болгон, канчасы андан көз карандысыз аракеттенген, билбейбиз. Кандай болсо да мындай схеманы башкалар да туурап, өзөктүк технологияны жайылтууга көмөк боло ала турганын унутпоо керек" ,-дейт журнадист Зэнгер.

Журналисттердин божомолунда Хандын өзөктүк технологияны жайылтуу аракеттеринен Жакынкы Чыгыштагы режимдер, мисалы, Сауд Арабия, Иран, Мисир жана Сирия пайда көргөн болуу керек. Анткени, атомдук бомбаны жасоо үчүн кымбат жабдуулар менен үлкөн каражаттар талап этилет, андай каражатты жумшоо өкмөттөрдүн эле колунан келе алуучу нерсе, деп кошумчалашат журналисттер.
Бирок, серепчи Уильям Броаддын пикиринде, заман өзгөрүлүүдө жана ядролук курал бүгүн болбосо,-эртең өкмөттөрдүн колунан жеке менчик бай корпорациянын колуна тийип, сыртка сатылып кетиши ыктымал. Серепчинин болжолунда, өзөктүк технологиянын жайылуусуна дүйнөдөгү кеңири суроо талап эле өбөлгө болбостон, аны өзөктүк технология тармагында иштеп, бул процесттин майда-чүйдөсүн кесиби аркылуу ийгерген адамдар да жайылтуусу мүмкүн.

"Биз өзөктүк технология доорунун экинчи баскычына келдик. Азыр дүйнө жүзү боюнча 250дөй атомдук реактор бар болсо, 2050-жылдарда бир миңге жакын реактор курулат. Аны менен бирге өзөктүк технлогиянын коммерциясы эле эмес, инфрастурктурасы да өркүндөйт, бул технология менен тааныш адамдардын саны көбөйөт",-дейт Броад.

"Мунун баары өзөктүк технологиянын өнүгүүсүнө алып келет. Эгерде мурда уранды байытуу үчүн атомдук реактор керек болсо, азыр ан үчүн андан чаканыраак жабдуулар эле керек", деп кошумчалайт серепчи.

Ошону менен бирге эле эксперттер ал-Кайыда сыяктуу террордук топтор өзөктүк технологияга ээ болууга аракеттенеери күмөн экенин белгилешти. Алар үчүн эбегейсиз каражаттарды талап кылган технологиядан көрө, даяр бомбаны, же бомба чыгаруу үчүн жарай турган урандын өзүн сатып алган ыңгайлуураак.

XS
SM
MD
LG