БИШКЕК. Мындай демилгени бүгүн Орусия элчилигинде өткөн жолугушуунун катышуучулары көтөрүштү. Ага катышкан эксперттер айрым саясий күчтөр тарабынан орус тилинин ордун басаңдатуу аракеттери жасалууда деп, ага кабатырлануу билдиришти. Алар кыргыз тилинин маанисин арттыруу аракети орус тилине доо кетирбеши керек деп санашат. Мындай маалымат Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен алынды.