Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:08

ЖАЛАЛАБАТ: СПИД ИЛДЕТИНЕ ЧАЛДЫККАНДАР КӨБӨЙДҮ


Буга дейре дүйнө жүзүндө СПИД илдетинен 25 миллион адам өлгөн. Африка өлкөлөрүнөн таралган оору Кыргызстанга чектеш Кытай өлкөсүндө да өсүүдө. Жалалабатта 6-июнда СПИД ВИЧ илдетин азайтуунун жол-жоболорун талкуулаган тегерек үстөл жыйыны болуп өттү. Облуста иммундук таңсыктык илдетине чалдыккандар жылдан-жылга көбөйүүдө. Дарттуулардын 80 пайызы кеселди ийне аркылуу жуктурушат. Ооруну ооздуктоого медициналык кызматкерлердин иш-аракети жана маалымат кампаниясы жетишсиз болууда.

Иммундук таңсыктык илдетине чалдыккан алгачкы оору Жалалабатта 2001-жылы катталган. Андан бери оорулардын саны жыл сайын өсүп, төрт адам оорудан көз жумду. СПИДке каршы күрөшүүчү глобалдык кордун түштүк аймагындагы өкүлү Жахангир Өмүрзаковдун айтымында облуста 91 кишиден кеселдин белгилери табылды. Оору өзгөчө аялдар арасында өсүп жатат:

- 2001-жылы аялдардын арасында 8 пайыз болсо, 2003-жылы 10 пайыз, 2005-жылы 18 пайызга чыкты.

Вич илдетине чалдыккандардын 80 пайызы ооруну ийне аркылуу жуктургандар. Кеселмандарга дары-дармек акысыз таркатылып, түшүндүрүү иштери жүргөнү менен натыйжасы аз болууда. Ооруга өзгөчө жаш жана жумушсуз адамдар чалдыгууда.

Oблустагы «СПИД» борборунун башчысынын милдетин аткаруучу Абдулла Жакыповдун көп жылдык байкоосунда тарбиянын тайкылыгы да ооруга себепкер:

- Арак ичкен, баңги колдонгон досторуна жолугат. Мына ошонун кесепетинен ошондой оорулар чыгып атат.

Бишкекте текшерилгенде жалалабаттык беш жашар баладан да ВИЧ илдетинин белгилери чыккан. Ага Өзбекстанда операция маалында текшерилбеген кан куюлган экен.

«Диарон» аттуу коомдук бирикме СПИД илдеттүүлөрдү азайтуу үчүн аларды эмгекке үйрөтүү аракеттерин көрүүдө:

- Ал жерде биз эмгекке, станкко иштегенге, жаныбарларды бакканга үйрөтөбүз. Мындайча айтканда эмгек менен алектенип, мурунку жашоосун унутуп, таза коомго акырындап кошулушу керек,- дейт бирикменин өкүлү Рустам Маткеримов.

Оорулардын жайылышы дин ишмерлерин да кооптонтуп жатат. Облустун казысы Абибила Бапановдун оюнда никелүү аялдар сойкулукка барбайт. Кыргызстанда эркектерге караганда аялдар көп болгондуктан жугуштуу ооруларды болтурбоо үчүн мүмкүнчүлүгү жетишкендерге көп аял алууга уруксат берүү зарыл деп эсептейт казы:

- Үйлөнгөндөн кийин жубайлар жаман жолго барбайт. Мисалы эркек 2-3 аялы болсо, аларды кийиндирип, курсагын тойгузуп, жакшы баккан болсо андай жолго ким барат.

СПИД-ВИЧ, баңгиликке каршы иш-чаралар шаарларда гана өткөрүлөт. Маалымат өнөктүгүндө өксүктөр арбын. Айыл-кыштак калкы оорунун жугуу жана алдын-алуу жол-жобосунан кабатыр. Облустагы жаштар бирикмесинин төрагасы Мураталы Үчкемпиров ВИЧ илдетине каршы көп тармактуу иш жүгүзүүнү туура көрөт.

- СПИДди алдын алуу программалар менен интеграциялык механизмде бирге иштеш керек. Мамлекет, НПО өзүнчө эмес, бир стратегия, бир план менен, масштабды кеңейтип ар бир айыл, районго чейин бирдей маалымат жеткириш керек. Азыр шаардыктар билип атат, калган жерде билген жок.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG