Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

МИХАИЛ ГОРБАЧЕВ ОРУСИЯДАГЫ БЕЛГИЛҮҮ «НОВАЯ ГАЗЕТА» БАСЫЛМАСЫН САТЫП АЛДЫ


Төрөкул Дооров, Москва Дүйнөнүн 100 дөн ашуун мамлекетинен келген журналисттер үч күн бою Москвада Дүйнөлүк гезит Ассоциациясынын конгрессине катышышты. Кечээ, 7-июнда, конгресс ишин аяктады. Анын акыркы күнү көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн окуяларды алып келди окшойт. Мисалы, Орусияда азыркы бийликке караманча-каршы пикирде турган жалгыз белгилүү гезитти СССРдин мурдагы президенти Михаил Горбачев сатып алганын жарыялады.

СССРдин экс-президенти Михаил Горбачев Москвада чыкчу «Новая газета» басылмасын сатып алыптыр деген кабар кечээ түштөн кийин белгилүү болду. Бул учурда Москвада Дүйнөлүк гезиттердин Ассоциациясы өзүнүн конгрессин жыйынтыктап жаткан. Анан Горбачев чогулган элге кабарын айтып калды.

Бирок Горбачев гезитти өзү жалгыз албаптыр. Буга чейин «Новая газета» басылмасынын бүтүндөй акциясы анда иштеген журналисттердин колунда болуп келген. Эми ошонун 51% журналисттерде калат да, 49% Михаил Горбачев менен Мамдуманын депутаты Александр Лебедевке берилет. Лебедев акциялардын 39%, ал эми Горбачев 10% алаары айтылды.

«Новая газетанын» шеф-редактору Сергей Соколов да акциялардын бир бөлүгү чын эле сатылганын ырастады. Ал эми гезиттин баш-редактору Дмитрий Муратов «Эми гезитте эмнени ойлосо, ошону жазган адамдардан башка бүт баардык нерсе алмашат» деп белгиледи.

Бирок Михаил Сергеевич басылманын башкы мүдөө-максаттары мурдагы бойдон калаарын айтты.

- Менимче, бул гезитти жаңы деңгээлге көтөрүүгө убакыт жетти. Бирок бизде басылманы такыр эле бузуп, башкача кылып жиберели деген ниет жок. Биз, албетте, коллективди, анын редакциялык саясатын урматтайбыз. Эч кандай кескин өзгөрүүлөр болбойт. Анткени «Новая газета», негизи, сынга ык алган көз-карандысыз гезит жана бизге ошол турушунда гана керек, - деди «Новая газетанын» жаңы жетекчилеринин бири Михаил Горбачев.

Азырынча бул басылма аптасына 2 жолу чыгат. Кабарларга караганда, эми ал жумасына 3 жолудан, а кийинчерээк күндө чыга турган болот.

Бул кабар Дүйнөлүк гезит Ассоциациясынын конгрессинде жаңырды. Конгресс ишин жыйынтыктап, 100 дөн ашуун мамлекеттен келген журналисттер эми үйлөрүнө кайтышууда. Алар үч күн бою жалпы дүйнөдөгү, анын ичинде КМШ өлкөлөрүндөгү сөз эркиндигинин абалы талкууга алышты.

Тажикстандан бул конгресске катышкан делегациянын катарында Тажикстандын Көз-карандысыз маалымат каражаттары Ассоциациясынын төрагасы Каршибоев Нуриддин да бар болчу. Ал, тилекке каршы, жыйында трибунага чыгып сүйлөөгө мүмкүндүк алган жок.

- Мен эгер бул жыйында сүйлөгөнүмдө тажик жеринде көз-карандысыз басылмаларды каттоо учурундагы татаалдыктар, гезит-журналдарды таркатуудагы азап, эркин теле-радио компанияларды ачууга мүмкүндүктүн берилбей жатканы жөнүндө жана Тажикстанда Маалымат каражатары жөнүндөгү мыйзамдын кемчиликтери тууралуу сөз кылмакмын, - деди тажикстандык журналист Нуриддин Каршибоев.
XS
SM
MD
LG