Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:06

КАЗАКСТАН ТОТАЛИТАРИЗМГЕ КАЙТАБЫ?


Казакстандын парламенти кечээ басма сөз жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоорун карап, аны талкуулоону күзгө калтырды. Өлкөнүн маданият жана маалымат министрлиги даярдап, сунуш кылган түзөтүүлөр топтому коомдо олуттуу талаш-тартыштарды жаратты. Документтин оппоненттери эгер долбоор эч кандай өзгөртүү-түзөтүүлөрсүз кабыл алынса, Казакстандын тоталитаризмге кайтканын далилдеген кадам болот деп ырасташууда.

Мыйзам долбоорунда бир катар чаралар, атап айтканда, маалымат каражаттарын каттоодон өткөрүү үчүн оң миңдеген доллар суммасында акы төлөө, сот чечими менен жабылган басылмалардын редакторлорун кайрадан жаңы бир маалымат органын түзүү укугунан ажыратуу жана башка ушул өңдүү жоболор каралган. Өкмөттүн премьери Даниэл Ахметов сунуш кылынып жаткан түзөтүүлөр маалымат рыногундагы жагдайды жакшыртарына ишенет. Өкмөт мүчөлөрү да жаңы долбоор басма сөз эркиндигинен ашепке пайдалануу тажрыйбасын жөнгө салат деп ишенишет.

Ал эми долбоордун сынчылары,анын ичинде Адил сөз аттуу укук коргоочу топтун координатору Тамара Калеева кеп чындыгында Казакстанды Түркмөнстанга жакындатуу тууралуу болуп жатканын айтышууда. “Түркмөнстанда болгону төрт телеканал бар, алар эртеден кечке “Рухнамэни”, анын авторун даңазалайт. Маданият жана маалымат министри Эртысбаев мырзага, кыязы, ушул вариант жагып калган окшойт”, деп айтты Калеева.

Бул ойду журналисттердин бейөкмөттүк улуттук бирикмесинин директору Шолпан Жакшыбаева да колдойт. Анын айтымында, Эртысбаев сунуш кылып отурган түзөтүүлөр маалымат рыногундагы,айрыкча телерадио чөйрөсүндөгү кырдаалды ого бетер начарлатат. Анын үстүнө долбоордун журналисттердин ишмердигине тикелей тиешеси аз, негизинен кошумча төлөмдөр,алардын көлөмүн көбөйтүү жагы каралган. Министрдин сунуштарын журналисттер союзунун төрагасы Сейтказы Матаев ким бирөөнүн түрткүлөөсү менен жасалып жаткан иштей көрөт.

Жаңы долбоор жадакалса айрым депутаттарга да жаккан жок. Алардын бири Дарига Назарбаева министрдин сунуштарын антидемократиялык демилге деп баалады. “Президент бул мыйзам долбоорун приоритеттүү иш катары аныктаган эмес эле, андай болсо эмне үчүн мынчалык шашылыш түрдө мыйзамга реакциячыл түзөтүүлөр сунуш кылынып жатканын түшүнө албайм, мунун баары артка кайткан кадам болуп саналат”,- деп билдирди Назарбаева.

Эртысбаев болсо өз кезегинде президенттин кызын капыя мааниде катуу айыптады. “Маалымат министрине ат салып, сиз өзүңүз кимдин тапшырыгын аткарып жатасыз? – деп собол койду министр. – Балким, бу өлкөдөгү электрондук маалымат каражаттарынын басымдуу бөлүгүн менчиктеп алган элиталык топтун заказы болуп жүрбөсүн?” Эртысбаев сөз эркиндигин өнүктүрүүдөгү эң башкы каскак деп ушул факторду атады.

Дарига Назарбаева мындан эки жыл мурда депутаттыкка шайланып, “Хабар” медиа тобунун башчылыгынан бошонгон, бирок аны дале жең ичинен башкарып турат. Эртысбаев болсо президенттин кеңешчиси болгон, азыр да анын оң колу бойдон калды дешет.

Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” аттуу эл аралык укук коргоочу уюм быйыл Казакстанды журналисттер катуу куугунтукталган өлкөлөрдүн тобуна кошкон. Бул уюмдун жадыбалында дүйнөдөгү 167 өлкөдөн Казакстан 119-орунда турат.

XS
SM
MD
LG