Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

“АЙАЙ” ЖЫЙЫН, БАКИЕВ- АКАЕВДИН КУЙРУГУ, КАНТАЛАМАЙ


8-июндагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары бийлик менен коомчулуктун өкүлдөрүнүн жолугушуусу тууралуу түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди.

8-июндагы “Алас” гезити Аскар Акаевди, Курманбек Бакиевди жана Курманбек Осмоновду айтылуу “мергенчилер” деген сүрөткө “Аксыны боорго тээп ойготушту” деп фотоколлаж менен чыкты.

Кечээ өкмөт үйүндө бийликтин бардык өкүлдөрү кеңешкенин, ага “Реформа үчүн!” саясый кыймылынын лидерлери Алмаз Атамбаев, Кубат Байболов, Дооронбек Садырбаев, Мелис Эшимканов, Кабай Карабеков жана башкалар андан мурда күнү маалымат каражаттары аркылуу ага катышуудан расмий баш тартканын “Алас” гезити ырастап, “Эң кызыгы, президент Курманбек Бакиев “оппозиция эмнеге келген эмес, бардык суроолоруна жооп берем” деп аңкоосунса, анын мандемдүү премьер- министр тандеми: “Мен президентти коргобойм, ал ага муктаж эмес, “Кулов эмнеге үн катпайт дебегиле”, деп өзүнөн өзү актанып, бирок президенттин кадр саясатын Апендинин кызындай мактады. Бул жолугуунун тарыхый мааниси зордугуна маашырланды. Калганы баягыдай...” деп үч чекит коет жыйынга “Алас” гезити.

“Жаңы бийлик өндүрүш өсүп жатат деп төш кагат. Азыр Кыргызстанда өндүрүш эмей эле өндүрүү дүркүрөп өсүп жатат” деген Жогорку кеңештин депутаты Болот Шерниязовдун сөзүн мисал кылуу менен “Аластын” баяндамачысы Алым Токтомушев кайрадан канталамай, мүлк таламай башталып, бул иштин башында президенттин уулу Максим Бакиев турганын талдоого алат.

Анда Улуттук банктын Жалалабаттагы филалынан уурдалган 22 млн. сомго президенттин иниси Жаныш Бакиевдин да катыштыгы бардыгын, “Мээрим” фондусунун эки кабат имаратын 43 миң сомго Максим Бакиев менен Шамшыбек Өтөбаев сатып алышканы, Акаев заманындагы канталамайдан Бакиев заманындагы канталамай ашып түшкөнү, далай мүлк текейден арзанга сатылганы айтылган.

“Алас” гезитинин кабарчысы Жолдошбек Алиев “Акаев- Бакиев- Сыдыков тобу” деген макаласында, президенттин убадаларын эске салып, эл алдында кадырын көтөрүү максатында орун которуу жүрүштөрү кайра элдин кыжырын келтирип жатканын жазган. “Мисалы, кызматтан кетсин” деген Үсөн Сыдыков конституцияда жок кызматка дайындалды. Кайсыл өлкөдө президентттин кеңешчилери “мамлекеттик” жана “мамлекеттик эмес” деп бөлүнөт? деп жазуу менен Акаевдин доорунда жогорку кызматтарда жүргөн Мыктыбек Абдылдаевдин эми Бакиевдин ишенимдүү адамына айланганын сынга алат.

“Алас” гезити “учурунда Аксы окуясында төгүлгөн канга азыркы президент Курманбек Бакиевдин тиешеси барбы?” деп суроо коюп, укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулованын жана парламент депутаты Азимбек Бекназаровдун пикирлерин жарыялады.

8- июндагы “Апта жаңырык” жумалыгы “Ак үйдөгү жыйын “айай” өттүбү же оппозиционерлер эмнеге барбай коюшту” деп жыйында сүйлөгөн айрым депутаттардын сөзүн кыскартып беришти.

“Жолуугуга келбеген оппозиционер депутаттар коррупционерлер, интринандар, колдорунан эч нерсе келбегендер, өлкөдө кыйын абал болгондо кайда жүрүшкөн. Алар келбесе мен Жогорку кеңешке барбайм. Жетеленме президент болгум келбейт” деп баягы “арстандыгын” көрсөтүп, Курманбек Бакиев абалды курчуртканга дагы бир жолу чок салгандай болду. Эми тигилер сөз кайтарбай койбос” деп маалымдайт “Апта жаңырык” жумалыгы.

Жыйында парламент депутаты Муратбек Мукашев: “Аксы окуясына Аскар Акаев менен Аманбек Карыпкулов күнөөлүү, өлкө үчүн “Хипк” программасы зыяндуу” десе, Акматбек Келдибеков: “чет жердеги кыргыздар ономиканы сактап, сомду кармап турушат” деген. Депутат Болот Марипов:”өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн менежерлер” керектигин, Камчыбек Ташиев: “министрлер иштебей жатканын” сынга алган.

Курманбек Бакиев Аскар Акаевдин куйругу” экенин “Апта жаңырык” жумалыгынын кабарчысы Бакыт Молдалиев талдоого алып, Акаевдин кадрлары бийликте турганын, Аксы окуясына күнөөкөрлөргө Бакиев жан тартып жатканы менен “куйрук экенин” далилдеп койгонун жазган.

8- июндагы “Лица” жумалыгы өкмөт башчы Феликс Куловдун конституциялык жаңы вариантын толугу менен жарыялады. Ошондой эле Аксы окуясына байланыштуу дүйшөмбүдө өткөн пресс- конференциянын материалдарына орун берди.
8-июндагы “Общественный рейтинг” жумалыгы кечээ өкмөт үйүндө өткөн жыйында сүйлөгөн президенттин сөзүн кыскартып жарыялады. Бул жумалыкта “Хипк” программасы тууралуу пикирлер, анын артыкчылыктары жөнүндө экономист Азамат Токбаев менен саясат иликтөөчү Теңдик Тыныстановдун макаласына орун беришти.

Өзбек тилине расмий статус сурап, чуу түшүрүп жаткан Жогорку кеңештин депутаты Кадыржан Батыров менен журналист Наргиза Кожомкулова маектешкен. Анда депутат иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө каршы экенин, жетекчилик кызматтарда өзбектер аздыгын, өзбек тилине орус тилиндей статус берүүнүн зарылдыгын, өзүнүн ишкерлиги туурасында айткан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG