Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

ШАДЫКАН АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨГҮ МЕКТЕПТИН АБАЛЫ ООР


Улан Эсенгелди уулу, Талас Бакайата районуна караштуу Шадыкан айыл өкмөтүндө Көчөрбаев Толтонбек атындагы орто мектеп жер астындагы суу көтөрүлгөндүктөн окууга жараксыз болуп калган.

Толтонбек Көчөрбаев мектеби Шадыкан айылына 1964-жылы салынган. Кийин 1972-жылы эки имарат кошулуп кеңейтилген. Жер астындагы суу чыгып, мектептин дубалдары эзилип, кулай баштаганда, мурунку экс-премьер-министр Николай Танаев жаңы имарат куруп берем деп бир имаратын буздуруп таштаган. Бүгүнкү учурга чейин мектептин жетекчиси Үзөнбек Стамкулов кайрылбаган жерим калган жок деп билдирди:

-220 окуучу окуп атат, 20 мугалим эмгектенет. Окууга мүмкүнчүлүк болбой калды, имараттын түптөрү чирип, үстүнөн жаракалар кетти. Ошого карабастан эптеп өзүбүз ремонттоп, окуп атабыз.

Кышында дубалдын жаракаларынан аңылдаган шамалдан мектеп жылыбай, балдардын бөйрөктөрү ооруган учурлар да көп болгон. 2003-жылы МЧС тарабынан жардам берилмек болуп, бирок кайра билим берүү министрлиги тарабынан токтоп калган.-Бул мектеп МЧСке берилген. Жакында Билим берүү министрлигине кайрылганбыз, Кудай буюрса оң жагына чечилет деген үмүт менен туруп атабыз,- деди райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Сыдыгалиев Абдыкадыр.

Бүгүнкү учурда Таласты кыдырып жүргөн президенттин кеңешчиси Үсөн Сыдыков мектепти көрүп, жардам бериш керек деп кетти:

- Союз учурда мындай мектептердин жарымын сүрдүрүп таштачумун, жаңы курдурчубуз. Эми андай акча жок. Бирок мындай жамачыны да коюшубуз керек. Мектепти жакшы долбоорлош керек.

Облус боюнча тогуз мектеп жараксыз болуп калган. Өкмөт тарабынан жаңы курулсун деп Ош жака 11 мектепке каражат бөлүнгөн, башка облустар жакынкы кварталга кирбей калган.

XS
SM
MD
LG