Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

ФУТБОЛ -2006. ДҮЙНӨЛҮК МЕЛДЕШТИ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР КӨРӨ АЛАТ


Эгемен өлкө болгону Кыргызстан алгачкы ирет футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты түз алып көрсөтмөк болду. Дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи 9-июнда кечинде Мюнхен шаарында болуп, алгачкы беттешүүдө германиялыктар коста-рикалык атаандаштарын каршы алышат.

Өлкөнүн футбол күйөрмандары үчүн мындай кубанычтуу кабардын чоо-жайын Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясынын директорунун орун басары Бейшенбек Бекешов билдирди:

"Бул маселе өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин кийлигишүүсү менен чечилип, кыргызстандык футбол күйөрмандары чемпионаттын оюндарын түз байланышта көрүү үчүн каражат табууну өкмөт башчысына тапшырган. Каражат маселеси кечээ чечилип, көгүлтүр экран аркылуу көрсөтүү иш- чараларын кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясы бүтүрүп, орусиялыктар менен соодалашып жатып 350 миң доллардан баасын 60 миң долларга түшүрдүк. Ошентип, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпионатынын оюндары баштан-аяк финалдык беттешүүгө чейин түз алынып көрсөтүлөт".

Франция, Корея жана Жапонияда өткөн дүйнөлүк футбол чемпионаттарынын оюндарын кыргызстандыктар орусиялык телеканалдар аркылуу көрүп, учурунда кыйынчылыктар болгон. Ошондуктан Бишкектеги айрым кафе, эс алуу жайлар, спорт клубдарга спутниктик телебайланыштар коюлуп, «Октябрь» кинотеатры да кичи залында футболдук таймашууларды түз алып көрсөтүүгө шарт түзүп, алдына алуу иш-чараларын көрүп жатышкан.

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта 8 топко бөлүнгөн 32 өлкөнүн улуттук командалары баш байге үчүн бир ай күч сынашып, жалпы жонунан 64 беттешүү болмокчу.

Дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи 9-июнда кечинде Мюнхен шаарында болуп, алгачкы беттешүүдө германиялыктар коста-рикалык атаандаштарын каршы алышат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG