Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

ФУТБОЛ, ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНАТ : НЕМИСТЕРДИН КӨҢҮЛҮ ЧӨГӨТ


Ошентип, спорт күйөрмандары зарыга күткөн дүйнөлүк Футбол мелдеши да келип калды. Эртең 9-июнда Мюнхенде конок тосуучу Германия Коста Рика менен ачылыш мелдешинде беттешет. Төрт жылда бир ирет болуп, бир айга созулуучу чемпионат чындап келгенде олимпиада оюндарынан да популярдуу. Ал эми Германия жергесинде өтүп жаткандыктан чемпионаттын айланасындагы коррупциялык чыр-чатакка карабастан, сыра суудай агып, братвурст деп аталган немис чучуктары тоодой үйүлөөрү бышык. Мюнхенде жүргөн өз кабарчыбыз Жефри Доннаван жиберген репортажга көңүл бөлөлү.

Мюнхендин атактуу Холбраухаус сыраканасында күндө кечинде миңдеген туристтер, жергиликтүү баварлар узатасынан кеткен жыгач үстөлдөрдүн чекесинде кыдырата тизилип алып, бавар музыкасын угушат жана килейген айнек кружкалардан сыра ичип отурушат.

Бирок майрамдык маанайга алданбаңыз. Ичтеринде немистер ичегисинен кан өтүп сыздап жаткан учур. Анткени, алардын сүйүктүү улуттук футбол командасы немис жергесинде башталып жаткан дүйнөлүк чемпионатта утаарына эч ким ишенбейт.

Лотар Матеус Германиянын өз убагында эң атактуу коргоочусу болгон. Ал мелдеште Бразилия, Аргентина, Италия, Англия мыкты ойнойт деген пикирде. Голландия да күчтүү командасы менен келет. Швецияга да жетиштүү баа берүү керек. Украина, Сербия, Черногория, Хорватия да мыкты оюнчулары менен мактана алат. Француздар, испандар, португалдар да жаман эмес. Өзүңүз баамдагандай, бир кезде дүйнө чемпиону болгон Матеус мелдешке катыша турган 32 команданын жарымына жакынын атады, арасында өзүнүн Германиясы жок.

Айткандай эле атандаштардын ичинен Бразилия күчтүү чыкчыдай. Коргонуусу чабалыраак болгону менен, машыктыруучусу Карлос Алберто Парейра чабуулга көбүрөөк басым жасай тургандыгын каңкуулаган. Бразилия бүгүнкү футболдогу эң бир күчтүү чабуулчулары менен белгилүү. Күч-кубаты ташыган Роналдо менен Адриано алдыда айбаттуу турушса, чыгармачыл генийи менен атакка бөлөнгөн Роналдино менен чуркаса таманынан чаң чыккан Кака артында сүр көрсөтүшөт.

Арийне, бразилдер чабуулу күчтүү болгон Реал Мадриддин таз кейпин кийип калбайбы дегендер да жок эмес. Испаниялык бул команда акыркы жылдары жалаң футбол жылдыздарын бутага алып, коргонуу сыяктуу эң жөнөкөй бирок маанилүү кырдаалдарга көңүл бурбай келгенинен аксаган.

- Кээде карап отуруп Реал Мадридби же башкабы, коргонуудан такыр эле баш тартканбы деп ойлойсуң. Ошондуктан, Бразилия да бирөөгө жеңилип калышы ажеп эмес,- дейт Роб Хафес, Интернешнэл Херальд Трибюн гезитинин футбол боюнча ардагер комментатору.

Бир гана Бразилияны ким жеңиши мүмкүн экендигин азырынча айтуу кыйыныраак.
XS
SM
MD
LG