Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

ЖАЗДА ЖАҢЫ ШАЙЛОО ДЕЙБИ?..


Бийлик өкүлдөрүнүн 7-июндагы жыйынында премьер-министр Феликс Кулов эмдиги жылдын жазында партиялык тизме боюнча шайлоо өткөрүү сунушун билдирди. Анын айтуусунда, шайлоодо жеңишке жетишкен партиянын өкүлү өкмөттү жетектеп, эгер ал ишти жакшы жөндөп кете албаса парламент да жоопкерчиликти кошо тартат.

Феликс Кулов азыркы парламент өкмөттүн ишине көп кийлигишип жатканын баса белгиледи. Жакынкы аралыкта эле айрым парламентчилердин айынан «Жерүй», «Талдыбулак» алтын кендерин өздөштүрүү иши үзгүлтүккө учуруп жатканын айтты:

- Баары токтоп калды. Алар бул жерде парламент кожоюнбу, ким менен макулдашуу керек, деп жатышат. Инвесторлор келиштен коркуп жатышат. Билип болбойт. Же биз силердин, элдин, президенттин алдында жооп беребиз, же келгиле экинчи өкмөт түзүп, бардык чечимдерди силер аркылуу кабыл алабыз. Мен мындан да батыл чечимди сунуш кылам. Эгер өкмөт жакпай атса башка жол менен кетели. Мен сунуш кылган конституциялык вариантта партиялык тизме менен шайлоо тартиби каралган. Парламент өкмөттү түзөт. Өкмөт жакшы иштей албаса, аны менен кошо парламент да кетет. Ордуна эл шайлаган башка саясий күчтөр келет. Ошентип алмашуу болуп турат, мыктыны элдин өзү тандайт. Келгиле жазында шайлоону өткөрөлү, ушундай чечимге келели.

Феликс Куловдун иштеп аткан парламентти таратып, жаңы шайлоону өткөрүү демилгесине жыйын соңунда сөз алган президент К.Бакиев өз мамилесин билдирген жок. Тек ал иштеп аткан парламентти беш-алты депутат үчүн таркатпастыгын айтуу менен чектелди.

Феликс Куловдун партиялык тизме менен шайлоо өткөрүү демилгесин «Реформалар үчүн» кыймылынын мүчөсү депутат Мелис Эшимканов жактырат. Бирок да жаңы бийлик реформаны чындап эле каалап калса конституциялык өзгөрүүдөн соң башкаруу бийлиги толугу менен жаңыланышы керек.

- Партиялык тизме боюнча баарыбыз эле макулбуз. Партиялык тизмеге өтүп, жердешчиликтен, акчага сатып алмайдан, элдин башын айландыруудан качкан жаңы шайлоо өткөрөлү десек, ага барышыбыз керек. Ага барсак мынабул парламент тырышып эле ордуна жабыша бербей, жаңы парламенттик шайлоо өткөрсөк болот. Бирок бул жерде Конституциялык реформанын артында чоң саясий оюн жатат. Эмне үчүн А.Бекназаров жаңы Конституция жазабыз, оппозиция жаңыны түптөйбүз деп жатат. Анткени жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин нормалдуу укуктук өлкөдө бардык бийлик бутактары алмашыш керек.

Мелис Эшимканов азыркы бийлик иштеп аткан Конституцияга косметикалык өзгөртүүлөрдү киргизүү менен чектелип, аны А.Акаев заманынан калган көнүмүш ыкма – элдик референдум аркылуу өткөрүү аракетине киришет деген пикирде. Анын кесиптеши Замир Эсенамановдун ырасташынча бул маалынан эртерээк айтылган ой.

- Мен ойлор элем, бул, биринчиден, эртерээк айтылган ой болуш керек. Президентибиз айтып атпайбы ушул парламент менен мөөнөтүнүн аягына чейин иштейм деп.

Депутат Садыр Жапаровдун айтуусунда, азыркы кыйын учурда жаңы шайлоо өткөрүүгө Кыргызстандын өзүнүн деле каржылык чама-чаркы жетишпейт.

- Бул парламентти таратып кайра шайлоо кылабыз дегенге биздин экономикабыз чыдабайт. Экинчиден, буга эл, өкмөт өзү даяр эмес.

Депутат Улукбек Ормонов деле ушундай эле пикирде.

- Бул эми ал кишинин ою.

Байкоочулардын баамында, буга чейин ачык-тымызын токтолбой келген өкмөт менен парламенттин ортосундагы эрегиш бирөөсүнүн саясий талаадан кетиши менен коштолушу ыктымал. Алтын кендерине же энергетикалык тармакты менчиктештирүүгө байланыш чыккан талаш шылтоого шыноо болуп бериши деле мүмкүн.

XS
SM
MD
LG