Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:04

ООГАНДАР АПИЙИМДИ МЫЙЗАМДУУ ӨСТҮРГӨНҮ ДУРУСПУ?


Жаныл Жусубжан, Прага Ооганстандын Хелманд провинциясы быйыл да апийимден чоң түшүм жыйнамакчы. Ушуга байланыштуу эл аралык коопсуздукту изилдеген Сенсил Кеңеши элди апийим өстүрүүдөн баш тарттыруудан майнап чыкпай жаткандыгын эскертип, балким апийимди дары жасоо максатында себүүгө уруксат бериш керек деген сунуш менен чыкты.

Ооган өкмөтү менен АКШ баштаган коалициялык күчтөр Хелманд провинциясында апийимди жок кылуу боюнча бир катар чараларды жолго койгон. Бирок жергиликтүү тургундардын турмушу оңолбой эле начарлап, өкмөткө тиш кайраган талибдердин таасири улам өсүп жатат. Бул тууралуу Сенсил Кеңешинин соңку отчетунда айтылат.

Апийимдин түшүмү быйыл эки эседен ашык болот. Хелмандда ансыз деле Ооганстандагы апийимдин 25 пайызы өндүрүлөт, эми бул көрсөткүч эки эселенет,-дейт Кеңештин жетекчиси Эммануэл Райнерт.

Райнерттин пикиринде, бул апийимди жок кылуу программасынан майнап чыкпай жаткандыгын билгизет. Мындан тышкары, жергиликтүү бийликтер ири фермерлерге тийбестен, пара бере албаган кедей-кембагалдардын түшүмү жок кылынган учурлар сейрек эмес:

- Апийимди жок кылуу жергиликтүү жамааттардын бийликке каршы маанайын күчөтөт. Анан калса, жардылардын жардысын жарга такаган барып турган акыйкатсыздык.

Райнерт белгилегендей, Хелман провинциясынын экономикасы 50 пайызы апийим өстүрүүгө, калганы чет элдик жардамга көз каранды. Апийим акчанын ордунда колдонулат. Ушундан улам Сенсил кеңеши апийим айдоолорун жок кылуунун ордуна, мамлекеттин көзөмөлү астында фармацефтикалык өндүрүш үчүн апийим өстүрүү жолго коюлса, жергиликтүү калк өздөрү эле наркобарондордон кол үзүшмөк.

Эгер мындай система киргизилсе, азыркыдай жергиликтүү жамааттарды кыжырдантпай, тескерисинче, борбордук өкмөт менен кызматташууга жагдай түзүлмөк. Экономика эл өзүн өзү бага алгандай нукка түшүп, мыйзамдын үстөмдүгү орноп, провинцияларда ырааттуу бийлик жүргүзүүгө мүмкүн болмок.

Албетте, апийим өстүрүүнү мыйзамдаштырууга башкалар каршы чыгат болуш керек. Муну түшүнсө да Райнер бул ар тараптан карап көрүүгө татыктуу сунуш деп эсептейт.

Кыргызстанда да 90-жылдары апийимди дары жасоо максатында өстүрүү маселеси күн тартибине коюлуп, бирок наркомания жана нарко-трафик коркунучунан улам, ал четке кагылгандыгы маалым.

 

XS
SM
MD
LG