Бүгүн өкмөт башчы Ф. Кулов Ирандын Кыргызстандагы толук ыйгарым-укуктуу элчисин кабыл алат. Анда эки тараптуу кызматташуу маселеси талкууланат. Белгилүү болгондой ирандык ишкерлер тобу Кыргызстанда иш сапарда жүрөт.Алар кыргыз экономикасына ири көлөмдө инвестиция алып келүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.