Бүгүн эрте менен президент Курманбек Бакиев баш болгон кыргыз мамлекттик делегациясы Кытайга расмий сапар менен жөнөп кетет. Пекинде президент Бакиев Кытай лидери Ху Цзинтао баш болгон мамлекеттик жетекчилер, ишкерлер менен жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Кыргыз делегациясынын курамында экономика жана каржы, тышкы иштер министлери, Бишкек шаарынын мэри бар. Эки күндүк сапар учурунда маданият, билим берү саламаттык сактоо, айыл чарбасы боюнча кызматташуу тууралуу келишмдерге, техникалык-эконмикалык кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлат.