Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:18

“АЛ-КАИДА” ЗАРКАВИДЕН АЙРЫЛДЫ


Дүйнөлүк лидерлер “ал-Каиданын” Ирактагы жетекчиси Абу Мусаб аз-Заркавинин тындым кылынганын терроризмге урулган олуттуу сокку катары баалашты. Бул окуяны АКШ президенти Жорж Буш – “адилеттүү өч алуу акциясы”,ал эми британ премьери Тони Блэр – “Ирак үчүн өзгөчө маанилүү учур” деп атады. Ошол эле учурда алар Иракта козголоңчулардын каршылыгы токтобой турганын да эскертишти. Аз-Заркави Бакуба шаарына чукул жердеги операция маалында тындым болду.

Америкалык генерал Жорж Кейси ырастагандай, аз-Заркави Бакуба шаарынан сексен чакырым жердеги үйлөрдүн бирине токтогону тууралуу маалымат анын жакын чөйрөсүнөн алынган. Заркави дал ушул жерде “ал-Жазира” телеканалына интервью бергени жаткан учурда таасын тийген бомбадан мерт болду.

Бул иш америкалык аскерлерге маанилүү жеңиш, “ал-Каидага” урулган олуттуу сокку болду. Муну Вашингтондо АКШ президенти Жорж Буш, Лондондо британ премьери Тони Блэр белгилешти. Ошол эле учурда алар алдыда дагы кыйын жана оор күндөр турганын эскертишти.

Пентагондун башчысы Дональд Рамсфелд да Заркавинин тындым кылынганын терроризмге каршы жалпы күрөштөгү олуттуу жеңиш деп атап, бирок Иракта кооп-козголоң токтобой турганын кошумчалады.

Көпчүлүк байкоочулар да ушундай кыяпта турушат. Алардын айтымында, аз- Заркавинин өлүмү “ал-Каиданын” Ирактагы структураларын бир кыйла алсырата турганы калетсиз. Багдад өкмөтүнө козголоңчулардын айрым бөлүктөрү,айрыкча жергиликтүү тургундардан куралган кошуундар менен мунаса тапканга мүмкүндүк түзүлөт. Эң башкысы – сүннүлөр менен шейиттер ортосундагы тирештин кылоосу мокойт. Мындан эки жыл мурда Усама бин Ладенге жазган катында аз-Заркави шейиттерди америкалыктардын көмөкчүлөрү деп атап, аларга каршы аоесуз күрөшкөнгө убада берген.

Айрым маалыматтарга караганда, Заркави Иракта он алты миңден ашуун кол топтогон. Айрым байкоочулар алар да өч алуу операцияларын башташы мүмкүн дешет. “Ал-Каида” аз-Заркавинин өлгөнүн тастыктап, өз тарапкерлерин жапырт жихадга көтөрүлгөнгө чакырды.

АКШ өкмөтү аз-Заркавинин башына 25 миллион доллар байге сайган эле. Ирак өкмөтүнүн премьери Нури ал-Малики убада кылынган сыйпул төлөнүп берилерине ишендирип, бирок аны ала турган адамдын атын айткан жок. Такталбаган айрым кабарларда байгепул иорданиялык бир кишиге берилери айтылган эле, бирок муну Вашингтондо мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон Маккормак тастыктай алган жок.

XS
SM
MD
LG