Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:01

АКШ МЕНЕН КАЗАКСТАН ОРТОСУНДАГЫ КЫЗМАТТАШУУ КЕҢЕЙҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Өзбекстандагы америкалык аскерий база былтыр жабылып, быйыл Кыргызстандагы база тууралуу да татаал сүйлөшүүлөр өтүп жаткандыктан, айрым аналитиктер - АКШ эми Казакстан менен тыкыз кызматташууга тийиш деген пикир билдирүүдө. Жана андай кызматташууга Вашингтон кызыкдар экенинин белгилери пайда боло баштады.

Былтыр май айында Өзбекстандын Анжиян шаарында болгон окуялардан кийин АКШ жана башка Батыш мамлекеттери өзбек өкмөтүн катуу сынга алган жана андан соң кошуна Кыргызстанга качкан төрт жүздөн ашык адамдын июлда Европага көчүп кетишине дагы Вашингтон көмөктөшкөн. Андан көп узабай, Ташкен АКШга кайрылып, Карши шаарынын алдындагы аскерий базаны өлкөдөн чыгарып кетүүнү талап кылган. Жылдын аягында америкалыктар ал базаны жабууга аргасыз болду.

Ал база менен удаа 2001-жылдын аягында Бишкек алдындагы Манас аэропортунда дагы америкалыктар жетектеген антитеррордук коалициянын базасы ачылган жана акыркы мезгилде кыргыз жетекчилиги анын ижарасы үчүн төлөнгөн акчаны 100 эсеге көбөйтүүнү талап кылууда. Сүйлөшүүлөр аяктай элек жана, айрым эксперттердин пикиринде, мындай абалда америкалыктар Борбор Азияда башка мүмкүнчүлүктөрдү караштырууга аргасыз.

Май айынын башында Казакстанга АКШ вице-президенти Дик Чейни келип кеткенде, казак өкмөтүнүн аракеттерин мактап, эки мамлекет ортосундагы кызматташууну кеңейтиш керек деп айткан. Майдын ортосунда Вашингтонго казак коргонуу министрлигинин өкүлчүлүгү келгенде ал тууралуу Пентагондун өкүлү Жеймс Макдугал дагы айтты: "Күчтүү жана туруктуу мамлекет катары Казакстан Борбор Азияда жетектөөчү мааниге ээ болушу мүмкүн. Террорчулукка каршы күрөштүн чегинде Борбор Азия азырынча анын географиялык абалы түзгөн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана элек," - деди Макдугал.

Айрым эксперттердин пикиринде, Өзбекстан менен АКШ ортосундагы мамилелер өзгөргөндөн кийин Ташкен жана Маскөө ортосундагы кызматташуу күчөдү жана аны Орусия кайрадан Борбор Азия чөлкөмүн өз көзөмөл алдына ала баштаган жараяндын бөлүгү катары бааласа болот. Башка серепчилер мунай жана газ менен байланышкан маселелерди иликтеп, Маскөө Борбор Азиядан чийки заттарды арзан баада сатып алып, аны Европага кымбат сатып жатканын белгилейт.

Ошондуктан Казакстандын мунай байлыктарын эл аралык базарга Орусиянын жардамысыз алып чыгуу маселеси көтөрүлүүдө. Ал тууралуу жакында АКШ президенти Жорж Буш дагы айтты жана президент Нурсултан Назарбаев 8-июнда Астанадан - Бакы-Тбилиси-Жейхан мунай кууру боюнча келишимге Казакстан айдын аягында кошула турганын жарыялады.

Адам укуктарын коргоочулардын пикиринде, АКШ мунай жана террор менен күрөшүү маселесинде айрым учурларда адам укуктарын экинчи орунга жылдырып коюуда деп да айтууда. Бирок АКШнын Жонс Хопкинс университетинин Борбор Азия жана Кавказ боюнча институтунун илимий-изилдөөлөр боюнча деректири Сванте Корнеллдин айтымында, эки маселеге тең бирдей мамиле кылыш керек: "Жалпысынан алганда, АКШ жана Батыш же адам укуктары менен демократия, же коопсуздук деген маселени койбош керек, эки маселе тең бирдей мааниге ээ болууга тийиш. Коопсуздук проблемаларын чечүү менен башка саясий маселелерди обочодо калтырып, же саясий маселелерди чечүү менен башка нерселерге көңүл бурбай калбаш керек. Эки маселени тең бир мезгилде чечиш керек," - дейт Корнелл.

XS
SM
MD
LG