Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

АМЕРИКАЛЫК ЫРЧЫ БОБ ДИЛАНДЫН ЧОҢ ЭНЕСИ КЫРГЫЗ БОЛГОН


Жаныл Жусубжан, Прага Mузыка күйөрмандары арасында Боб Диланды билбеген адам болбосо керек. Жарым кылымдан бери элдик ырлардын ар түрдүү жанрларын аткаруу менен миллиондогон күйөрмандарынын купулуна толгон америкалык ырчынын чоң энеси Кыргыз экенин гана көпчүлүк биле бербейт. Бул тууралуу ырчы өзүнүн "Хрониклс" аттуу автобиографиясында мындай деп жазат: "Таенем Америкага Россиянын түштүгүндөгү Одесса деген деңиз портунан келген. Түбү, бирок Түркиядан эле. Кара деңиздеги Трабзон портунан. Үй-бүлөсүнүн фамилиясы Кыргыз болчу, Менин таятамдын ата энеси да ушул эле аймактан."

XS
SM
MD
LG