Жаныл Жусубжан, Прага Лейла – ирандык ырчы, Лос-Анжелесте жашайт, анын ысмы бүт дүйнөдө фарсы тилинде сүйлөгөндөргө белгилүү болгону менен, Лейла бир да жолу өз мекенинде ырдап чыга элек. Себеби? Дариуш Ражабиан: Себеби ал–аял, жана поп-музыканы ырдайт. Ал эми Иранда хордо гана улуттук ырларды ырдаса болот. Хордо болгонунун себеби, аялдын үнү эркектерде жагымсыз сезимди жаратат деп саналат. Же тагыраак айтканда, же жымсалдабай айтканда, молдолор аялдын добушу өтө жагымдуу сезимдерди жаратышы мүмкүн деп эсептешет. Ал эми эркектер өздөрүн башкара албагандыктан, аялдарга тыюу салынган.