Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

Иран Кыргызстанда жеңил автоууналарды чыгаруучу завод жана ири соода борборун курууга кызыкдар


БИШКЕК. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Реза Сабури өкмөт башчы Феликс Кулов менен жолугушуусунда билдирди. Элчи соңку эки жылда эки өлкө кызматташтыгы бир аз солгундап кеткенин айтып, алака-катышты чыңдоо, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн азыркыдан жок дегенде төрт эсеге көбөйтүү керектигин белгиледи. Элчи ошондой эле Феликс Куловго Иран президентинин расмий сапар менен келип кетүү чакырыгын тапшырды.

XS
SM
MD
LG