БИШКЕК. Декларация Курманбек Бакиев менен Ху Цзиньтаонун Бээжиндеги кечээки эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында кабыл алынды. Ушул эле күнү эки өлкөнүн өкмөттүк топторунун ортосунда техника-экономикалык кызматташуу боюнча макулдашуулар болду. Мындан сырткары айыл чарба, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактары, маданий жана спорттук байланыштар боюнча кызматташуу тууралуу да бир катар макулдашууларга кол коюлду. Ошондой эле Кызылкыядагы цемент заводунун курулушу боюнча башкы келишим түзүлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.