БИШКЕК. Кытайда расмий сапар менен жүргөн кыргыз президенти Курманбек Бакиев бүгүн Шанхай кызматташтык уюмунун аткаруучу катчысы Чжан Дэгуан менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар алдыда Шанхайда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин тегерегинде пикир алышты. Анда Курманбек Бакиев алдыдагы саммит уюмдун өнүгүүсүнө гана жардам бербестен, ШКУнун бекемделиши үчүн маанилүү экенин белгиледи деп кабарлайт президенттин маалымат кызматы. Кыргыз президенти ушул эле күнү кыргыз-кытай ишкерлеринин бизнес-форумуна катышты. Президенттин Кытайдагы расмий сапары бүгүн соңуна чыгат.