Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Башкы прокуратура Аксы окуясы боюнча жаңы тергөөнү баштайт


БИШКЕК. Башкы прокуратура Аксы окуясы боюнча мурдагы мамлекеттик кызматкерлер Аманбек Карыпкулов, Болот Жанузаков, Калмурат Садиев, Султан Урманаев, Темирбек Акматалиев өңдүү адамдарды суракка чакырышы толук мүмкүн. Бул тууралуу Баш прокуратуранын маалымат кызмат башчысы Токтогул Какчекеев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Жогорку соттон иш келип түшкөндөн кийин Аксы трагедиясын Башкы прокуратура кайрадан тергей баштайт. Парламент депутаты Азимбек Бекназаров баш прокурор кезинде Аксы боюнча тергөөнүн 70 пайызы бүткөн деп билдирип келет. Бирок, ошол кезде жооптуу кызматтарда иштеген адамдар суракка чакырылган эмес. Президент Курманбек Бакиев 3- июнда аксылыктар менен жолугушууда Аксы окуясын жаңы ачылган жагдайлар боюнча тергөөнү Башкы прокуратурага тапшырган.

XS
SM
MD
LG