Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

БОРБОРУ АЗИЯ МЕНЕН КАВКАЗДА УКУК КОРГООЧУЛАР ЭМИ БИЙЛИКТИ БИРГЕ КӨЗӨМӨЛДӨШӨТ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 10-июнда Ош шаарында Өзбекстандын, Тажикстандын, Азербайжандын жана Кыргызстандын бир катар укук коргоо уюмдарынын жетекчилери жолугушту. Алар адам укугун коргоонун абалы, колдонулган инструменттер жана бийликтин иш аракетин көзөмөлгө алууда атуулдук коомдун иш-аракетин активдештирүү боюнча бир катар маселелерди талкууга алышты.

Чыгыш Европа демократиялык институтунун жарандык көпүрөлөр программасынын алкагында уюштурулган бул жолугушууга жогоруда аталган төрт өлкөнүн ар биринен бештен өкүл катышты. Жолугушуунун катышуучулары ар бири өздөрүнүн өлкөсүндөгү демократиялык өзгөрүштөр, адам укугунун корголушу жана коррупцияга каршы күрөштү жүргүзүүдө атуулдук коомдун ролу боюнча маселелерге токтолуп өтүштү. “Атуулдар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова жолугушууда адам укугун коргоо жана атуулдук коом тарабынан бийликтин иш аракетин көзөмөлгө алуу жаатында тажрыйба алмашуу маселелери көтөрүлүп жаткандыгын да белгилеп өттү:

- Биз достор өзүбүзчө жолугушуп кандайча элдин акыбалын жеңилдетип, адам укугун коргоп жана согушсуз тынч инструменттер менен алдыга жыла алабыз деген форматты талкуулап атабыз.

Жыйындын жүрүшүндө укук коргоочулар өткөн эки жыл аралыгындагы Кыргызстанда жетишилген демократиялык өзгөрүүлөр жана андагы атуулдук коомдун орду боюнча салыштырууларды талкууга алышты. Чыгыш Европа демократиялык институтунун президенти Ирина Ласота айымдын айтымында, Кыргызстан демократиялык өзгөрүштөр боюнча кошуна Борбор Азия өлкөлөрүнө гана эмес, өнүгүп келе жаткан башка мамлекеттер үчүн да үлгү боло алат:

- Кыргызстан бийликтин иш аракетин көзөмөлгө алуудагы жарандык активдүүлүк, адам укугун коргоо механизмдеринин өнүгүүсү боюнча алдыда бара жатат. Бул нерседе баарынан мурун коомдук жана мамлекеттик лидерлердин эмгеги эмес, биринчи кезекте улуттун өзүнүн өзгөчөлөнгөн, эркиндикке болгон умтулусу жатат деп ойлойм. Бул жагынан Кыргызстан өзү сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө үлгү боло алат.

Жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү карым-катнаш жана чегарадагы чыр-чатактарын алдын алуу маселелери дагы талкууга алынды. Айрыкча кийинки мезгилдеги кыргыз-өзбек, тажик-өзбек жана кыргыз-тажик мамилелеринин өнүгүш этаптары талкууга алынып, өзгөчө чегара чатактары жаатындагы татаалданып кеткен жагдайлар боюнча пикир алмашуулар болуп өттү.

Кыргыз укук коргоочусу Төлөйкан Исмаилова кошуна элдердин бизге карым-катышта өнүгүүсүн камсыз кылуусуна таасир этүү жана турмуштук маселелерди чечүүгө көмөктөшүү багытындагы өз сунушун билдирди:

- Коррупцияны кандайча азайта алабыз, жөнөкөй адам, мисалы, өзгөн күрүчүн Өзбекстанда кандай сата алат, же болсо өзбектер ширин өрүктөрүн кыргыздарга кандайча сата алат, дегеле карым-катнаш боюнча сөз болууда. Анткени, биз илгертен бери дос мамиледе жашаганбыз. Лидерлер кетет, алмашат, бирок достук мамиле дайыма калат. Ошон үчүн кандайча Орто Азия регионун тынч регионго айлантабыз деген улуу максат.

Жолугушуунун аягында укук коргоочулар тилектештикте иштөө жана өз ара көмөктөшүүнү камсыз кылуу боюнча шартнамага кол коюшту.

XS
SM
MD
LG