Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

РЫСБЕК АКМАТБАЕВДИН АТАЛАШ ИНИСИ КҮТҮҮСҮЗ КОЛ САЛУУДАН АМАН КАЛДЫ


11-июнь күнү кечки саат тогуздан өткөндө маркум Рысбек Акматбаевдин аталаш иниси Мирлан Коноевге Чолпоната шаарындагы үйүнүн жанынан кол салуу болду.

Коомчулук Мирлан Коноевге болгон кол салууну анын кийинки учурда Рысбектин мураскору катары кабыл алына баштаганы менен байланыштырууда. Ал эми Мирландын айтуусунда ага кол салган чаар кийинген автоматчан аскерлер төрт жолу ок чыгарып, аны башка жака алып кетүүгө аракет жасаган:

-Мен өзүм жалгыз үйдүн жанына келип токтогонумда, маскачан, автоматчан кишилер машинени курчап, “машинеден чык, болбосо атабыз” дешти. Машиненин капталын, терезелерин автомат менен соккулап баштаганда, эшикти ачтым. Мен чыкпайм деп аракет кылсам, алар сүйрөп өзүнүн машинесине салабыз деп аракет кылышты. Мен дарбазаны кое бербей кармап турганда, автомат менен согуп, тээп күч колдонушту.

Мирлан Коноевдин айтымында, биринчи атылган ок ага багытталган.

-Атайын мени карап ок чыгарышты. Спецназдар менен мен алышып атканда, Кудайдын буйругу экен, мага тийбей калды деп ойлойм. Жалпысы 15-20га жакын киши болгон. Ата-энем чыкканда дагы 4-5 жолу атышты. Ата-энем кыйкыра баштаганда, эл чогулуп калды, ошондо тиги балдар кетели батырак деп кача башташты. Мен тааныдым, УУР МВДда иштеген Султанов Улан, Кыдыров Бакыт, Рамис, фамилиясын билбейт экемин.

Мирлан Коноевдин үйүнүн жанындагы атылган окко күбө болгон кошуналары ошол учурду мындайча тастыкташты:

- Тарс-турс, чуу болуп бакырык үндөр чыгып калды. Ошол учурда эшике чыксам, ушул жерде таранчыдай чуркашып, болбой калды дешип качышты. Ок дегенди жайната атышты, жүрөгүм түшүп калды, өзүм инвалидмин, баса албай темтеңдеп калдым, – деди Жакып аттуу аксакал.

Мирландын апасы Розанын ырасташынча жолдошу Кубан экөө үйдөн чыгып келатканда дагы 3-4 жолу ок атылган. Ал эми качууга үлгүргөн кочкул көк түстөгү Мерседес автомашинасы борбордук көчөнүн зым карагайын сүзүп барып токтогон:

-Мени аткыла, баламды аткандан мурун деп кыйкырып чыктым. 12-53 номерлүү машина качам деп карагайды сүзүп алды. Ичиндегилер чыгып башка машиналарга шак-шак отуруп качып кетишти. Берки машине азыр РОВДда, багажында толтура башка номерлер, пистолеттин кобуралары, каскалары да бар экен.

Биз бул маселе боюнча Ысыккөл райондук ички иштер бөлүмүндө Бишкектен тиешелүү кызматтар тескөө ишин жүргүзүп жаткан жеринен жолуктук. Ал жерден ички иштер министрлик коопсуздук кызматынын начальниги Нарынбек Молдоисаевге айрым суроолор менен кайрылдык:

- МВДдан төрт киши келди деген маалымат болуп атат, ошонун кандай чындыгы бар, кимдер келген? Ошону азыр териштирип бүтө элекпиз, бүткөндөн кийин териштирүүнүн жыйынтыгын айтабыз. Биз эртең менен саат бештерде келдик бул жерге, ал балдардын арасында жүргөн эмеспиз.

-Спецназдын балдары келсе официалдуу түрдө ок атпай эле сураса болмок беле?

-Бизде оперативдик кырдаалга жараша ар кандай жол менен сурайт. Биз ошонун баарын тактап атабыз, – деди Мирлан Коноевге болгон кол салууну аягына чыгарарын убада кылган Нарынбек Молдоисаев.

Учурда катталган факт боюнча изилдөө иштери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG