Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары буйрутма киши өлтүрүүлөрдү иликтөө боюнча ички иштер министринин отчетун талап кылууда


БИШКЕК. Бул маселени күн тартибине киргизилгендей өкмөттүк саатта эмес, өзүнчө бөлүп ушул айдын аягына чейин кароону депутат Алишер Сабиров бүгүнкү парламент жыйынында сунуштады. Депутат Сабиров ошондой эле кесиптеши Жыргалбек Сурабалдиевдин Бишкектин чок ортосунда киши колдуу каза тапканынан бери бир жыл өткөнүнө карабай ишти иликтөөнүн жүрүшү боюнча депутаттар эч кандай маалымат билбестигин белгиледи. Былтыр маркум Жыргалбек Сурабалдиевден сырткары парламенттин дагы эки депутаты - Баяман Эркинбаев менен Тынычбек Акматбаев киши колдуу болуп каза тапкан.

XS
SM
MD
LG