Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

АМЕРИКАЛЫК “GENERAL MOTORS” ОРУСИЯДА ӨЗҮНҮН ЖЕКЕ ЗАВОДУН КУРУУНУ БҮГҮН БАШТАЙТ

Төрөкул Дооров, Москва Америкалык автомобиль корпорациясы «General Motors» менен орусиялык «АвтоВАЗ» 2001-жылы биргелешкен «GM–AvtoVAZ» деген ишкана түзүшкөндө, көпчүлүк муну посткоммунисттик Орусия экономикасынын чоң ийгилиги катары тааныган эле. Бирок былтыр «АвтоВАЗды» мамлекет сатып алганы ортодогу мамилелерге жарака кетиргендей болду окшойт. Бүгүн, 13-июнда, «Дженерал Моторс» Санкт-Петербург шаарында өзүнүн заводун курууну баштаганы турат. Анын алдынан айрымдар америкалык жана орус машине өндүрүүчүлөрдүн биргелешкен аракеттерине ушуну менен чекит коюлуп калышы да ажеп эмес дешет.

General Motors Корпорациясы «АвтоВАЗ» менен тээ 1999-жылы, Орусия оор экономикалык кризисти баштап кечирип жаткан чакта, мамиле түзүүгө аракет кыла баштаган. Анан эки жылдын ичинде Тольяттидеги биргелешкен заводдон «Дженерал Моторс» иштеп чыккан жаңы машинелер чыга баштады. Былтыркы жылга чейин бу биргелешкен ишкана «Шевроле» деген ат менен чыккан Нива машинесинен орточо эсеп менен 50 миңдейин сатууга жетишти.

Бул кызматташтык чынында эки тарапка тең пайдалуу болчу. Америкалык компания жылдан-жылга тездик менен өнүгүп жаткан орусиялык авто-базарга кирүүгө мүмкүндүк алды. Орусиянын авто рыногу чын эле тез өнүгүп баратат. Мисалы, азырынча жылына өлкөдө орточо эсеп менен 1,8 млн.машине сатылса, 2010-жылга карата жылына 2,8 млн.машине сатыла турганы болжолдонууда.

Ал эми орусиялык «АвтоВАЗ» болсо бул кызматташтыктан Батыштын капиталын алып, өзүнүн эскирип бүткөн Лада маркасын заманга жараша жаңыртууну самаган.

Бул иште үчүнчү тарап катары катышкан Европалык Реконструкция жана Өнүгүү банкы долбоорду ишке киргизүүгө көмөк болсун деп 332 миллион АКШ долларын сарптады. Банктын Москвадагы кеңешчиси Ричард Уоллис «Негизги максат – Орусиянын авто-индустриясын бутуна тургузуу эле» дейт. Бирок ошол ниеттердин баарын эле ишке ашырууга мүмкүн болбоду окшойт» деп жаткандай.

Америкалык жана орусиялык машине куруучу ишканалардын биргелешкен аракеттери чоң болбосо да, айрым ийгиликтерди жаратканы деле чын. Мисалы, алар чыгарган Шевроле ушу тапта Орусияда эң көп сатылып жаткан маркалардын ичинде экинчи орунга чыкты. Бирок ал деле былтыркы жылдан тартып гана киреше бере баштады. Ага чейин «Женерал Моторс» да, «АвтоВАЗ» да олуттуу финансы проблемаларына туш болушкан эле.

Жейсон Штайн – баш кеңсеси Мюнхендеги «Европа Авто-жаңылыктары» аттуу журналдын кабарчысы. Анын айтымында, «Женерал Моторс» менен «АвтоВАЗдын» финансылык проблемалары аз келгенсип, «АвтоВАЗды» 2005-жылы мамлекеттик «Рособоронэкспорт» ишканасы көзөмөлгө ала башташы андан бетер көңүлдү чөктүрдү.

- Жумшак айтканда, алардын мамилелеринде көңүлдү иренжиткен жагдайлар көбөйгөн. Балакеттин баары ушу «Женерал Моторс» менен «АвтоВАЗдын» биргелешкен ишканасынан башталды жана максат «Женерал Моторсту» орус базарына алып алуу болчу. Жагдай кичинчерээк «АвтоВАЗ» менен орус өкмөтүнүн айрым аракеттеринен кийин дагы курчуй түшкөндөй болду. Анткени алар көрүп турушат: өлкөдө машинеге болгон талап чоң, киреше да көп түшүп жатат, ошондуктан көпчүлүк пайданы өздөрү көрүп калгылары келди деп ойлойм, - дейт «Европа Авто-жаңылыктары» аттуу журналдын кабарчысы Жейсон Штайн.

Ошентип, «АвтоВАЗ» «Рособоронэкспортко» өтүп калгандан кийин машине жасоо учурунда да проблемалар жаралды. 10 күнгө завод такыр эле иштебей калган учурлар болду. Андан кичинчерээк «АвтоВАЗ» эми «Женерал-Моторс» менен мамилени токтотуунун жолдорун карап жатканын жарыялаганы да белгилүү. Көрсө, алар орусиялык ишкана өзүнүн заводун ачат деп жатышкан экен.

Ошондон уламбы, «Женерал Моторс» ушул жылы апрелде эми Орусияда өзүнүн жеке заводун кураарын кабарлады. Бүгүн анын алгачкы курулуш иштери Санкт-Петербургда башталганы турат. Жалпысынан завод 94 гектар жерди ээлей турган болуптур жана жылына орточо эсеп менен азырынча 25 миң машине чыгарып турмакчы. Ал ишке киргенде, жалпысынан 700-750 жумуш оорду түзүлөт деп айтылды.
Куржундар
XS
SM
MD
LG