Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТЫШКЫ САЯСАТЫ КАЙ БАГЫТТА ӨНҮГӨТ?


Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын тышкы саясатынын жаңы концепциясын даярдап бүттү. Анда өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгын коргоого жана көп багыттуу саясат жүргүзүүгө артыкчылык берилген. Концепция жакын арада акыркы экспертизадан өткөрүлүп, андан кийин бекитилмекчи. Сүрөттө : Президент К. Бакиев Кытайда мамлекеттик сапар учурунда төрага Ху Цзинтау менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты чыңдаган ондон ашык келишимге кол койду. Пекин. 9-10-июнь 2006-жыл.

Президент Аскар Акаевдин тушунда Кыргызстандын тышкы саясаты “Жибек жолу» деп аталган доктринанын алкагында жүргүзүлгөн. Ал негизинен Кыргызстандын батыш менен чыгыш ортосунда көпүрө болуу миссиясын аркалаган. Бирок, кийинчерээк региондо АКШ, Кытай, Россия өңдүү дөө-шаа мамлекеттердин кызыкчылыктары тогошуп, Кыргызстандын тышкы саясаты үчүн жаңы тандоолор, жаңы маселелер чыкканда президент Акаев өзүнүн «же-же» эмес, « жана-жана» концепциясын сунуштаган. Бул же АКШ, же Россия менен чектелүү эмес, тескерисинче «Америка жана Россия жана Кытай», жалпысы менен кызматташуу деген саясат эле. Бул концепция 2001-жылы америкалыктар, андан кийин орустар аскерий базасын Кыргызстанга орноткондон кийин пайда болгон.

Бирок, өткөн жылы бийлик алмашкандан кийин Кыргызстандын тышкы саясатын прагматикалык негизге коюу, улуттук жана экономикалык кызыкчылыктарды алдыга чыгаруу маселеси көтөрүлө баштады. Мына ошого байланыштуу тышкы саясаттын жаңы концепциясы иштелип чыгууда. Анын негизги багыттары тууралуу Аликбек Жекшенкулов буларды билдирди:

"Бул биринчиден, прагматизм жана реалдуулукка таянуу. Бул деген бардык дипломатия, тышкы байланыштар ички маселелерди чечүүгө багытталыш керек дегендик. Биздеги ички проблема болсо негизинен экономикалык жакта. Экинчи багыт, бул балансташкан, көп вектордуу саясат жүргүзүү. Ошондуктан жөнөкөй эмес кырдаалда турган биздин мамлекет ири мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алуу көп вектордуу саясат жүргүзүш керек".

Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, президенттин алгач Россияга, андан кийин Кытайга, эми Казакстан, Түркияга сапарынын даярдалышы бекер жеринен эмес. Бул Кыргызстандын тышкы саясатта артыкчылык берген багыттары. Мындан кийин Европа, Япония жана араб өлкөлөрүнө сапар даярдалмакчы. Муну менен Кыргызстандын көп вектордуу тышкы саясат жүргүзүп жатканы далилденмекчи.

Өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев көп вектордуу тышкы саясат концепциясын негизинен жактап, бирок буларга токтолду:

"Ачык айтканда, концептуалдуу жагын караганда, Кыргызстандын тышкы саясаты үчүн эки эле чоң багыт бар. Бул коопсуздук. Кыргызстандын жана жалпы региондун коопсуздугу. Анан албетте, экономика. Анан көп вектордуу дипломатия деп жатышат. Ал менин оюмча туура эмес. Себеби, функционалдуу дипломатияны, же тышкы саясатты алганда анын багыттары абдан көп. Ал эми биз үчүн экөө эле керек.

Иманалиев азыркы бийликтин тышкы саясаты инвестиция тартууга багытталган деп, Россия, Кытай жана Казакстан багытындагы аракеттерин мисалга келтирди.

Президент Курманбек Бакиев 12-июнда Интерфакс агенттигине берген интервьюсунда, Шанхай кызматташуу уюмунун алкагында тышкы саясатты күчөтүү Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына туура келет жана тышкы саясатта ал артыкчылык берилген багыттарга кирет деп айткан. Муратбек Иманалиев болсо, Шанхай кызматташуу уюмунун эл аралык аренада баркы артып бара жатканын белгилейт.

Шанхай кызматташуу уюму 14-15-июнда Шанхайда юбилейлик саммитин өткөрөт. Ага президент Курманбек Бакиев баш болгон кыргыз делегациясы 14-июнда жөнөп кетмекчи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG