Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

МИГРАЦИЯНЫН ОҢ ЖАКТАРЫ ДА БАР


Жаңыл Жусубжан Кыргыздар Казакстанда иштеп, тапкан акчасын Оштогу үйүнө жиберишет. Тажиктер Орусияга сезондук ишке барышат. Жумушчу күчтүн мындай мамлекеттер аралык миграциясы Евразияда соңку жылдары кадыресе көрүнүшкө айланды. Арийне, чет өлкөдө иштөөгө мажбур болгон жумушчуларга өйдө-төмөн көз караштар болгон менен, эксперттер мунун артыкчылыктарын да белгилешүүдө. Азаттыктын кабарчысы Ричард Солаш бул жаатта Эл аралык Миграция уюмунун Венадагы өкүлү Клаус Фолден менен маектешкен эле. Фолден алды менен Борбор Азиядагы миграциялык процесстеринге токтолду.

Фолден:- Казакстанды эле мисалга алсак. Бул өлкөдөн бир миллионго чукул киши кеткен, бирок мунайдан улам Казакстандын экономикасы өсүп, өлкө башка жактардан элдерди өзүнө тартып жатат. Мурда Казакстандан эл кетип жатса, азыр коңшу өлкөлөрдөн көп жумушчуларды өзүнө тартууда.

Азаттык: Эксперттер көп учурда билимдүү, кесипкөй атуулдардын башка өлкөлөргө жоон тобу менен кетишин тескери көрүнүштөрдүн катарында аташат. Евразияда ушул көйгөй канчалык курч?

Фолден: Мындай көрүнүш тынчсызданууну туудурат, ошол эле убакта чет өлкөгө баргандар эртели-кечтир кайтып келишээрин да эске алуу зарыл.

Азаттык: Мигранттар чет өлкөдө иштеп тапканын мекенине салып турушат эмеспи. Мындай акча которуу Борбор Азиянын экономикасында, жалпы эле коомдо кандай роль ойноп жатат?

Фолден: Тажикстанга (Орусиядан) которулган акча Тажикстандын мамлекеттик бюджетинен да жогору деп айтылып келет. Мындай акча агымына кошумча, мисалы, микро-кредиттер аркылуу майда ишкердүүлүктүү колдоо менен коомго тийген пайданы эки эселенте алабыз. Ушул жол менен кур дегенде чет жактарга жумушчулардын кетип жатышын компенсациялоо керек.

Азаттык: Бул бизге миграциянын оң жактары тууралуу сөз кылууга мүмкүндүк берет. Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан жарыялаган соңку изилдөөдө айтылгандай, миграциянын терс жактары болгону менен, ал бардык тараптарга өтө пайдалуу болушу да мүмкүн. Айтылган Борбор Азияга тийешелүүбү?

Фолден: Ооба, барган сайын өлкөлөр миграция атуулдар үчүн пайдалуу экендигин түшүнө башташты. Мисалы Кыргызстан менен Орусия эки тарапка тең пайдалуу келишимдин үстүнөн иштеп жатышат. Кыргызстанда жумушчу күчү бар, алар чет жакта иштеп, үйүнө акча которуп турушат. Орусияга жумушчу күчү керек. Алар миграциянын оң жактарын да түшүнө башташты. Орусияда мурдатан, Путин баш болуп, миграцияны көзөмөлдөш керек деп айтышчу. Азыр "бизге мигранттар керек, биз бул агымды теске салсак, Орусияга пайдасы тийет, мигранттар биздин экономикага жардам берип жатышат" деген түшүнүк басымдуулук кыла баштады.

Cүрөттө : Москвада Кыргызстандан барган эмгек мигранттары миңдеп саналат.

XS
SM
MD
LG