Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

ИРАНДЫН МҮДӨӨСҮ ИШКЕ АШАБЫ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 15-июнда Шанхай шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун юбилейлик саммити өткөрүлөт. Уюмдун 10 жылдыгына арналган саммитке Россиянын, Казакстандын, Кытайдын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын мамлекет башчылары менен уюмга байкоочу катары кабыл алынган Монголия, Иран, Индия жана Пакистан катышат. Байкоочулар саммитте башка маселелер менен катар Иранды уюмга толук укуктуу мүчө кылып кабыл алуу мүмкүндүгү талкуулана турганын айтып жатышат. Ирандын уюмга кирүү аракеттерине анын башка мүчөлөрү кандай карашат?

Иран Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук укуктуу мүчө болуп кирүү ниетин май айында билдирген болучу. Байкоочулар Тегерандын уюмга кирүү ниетин эки негизги себеп менен чечмелешүүдө. Биринчиден Иран эл аралык изоляциядан чыгуунун жолун ойлонууда. Экинчиден, ал Азия саясатын кайра карап чыгып, Шанхай Кызматташтык Уюму аркылуу өзүнүн активдүүлүгүн күчөткүсү келет, дейт Женевада жайгашкан изилдөө институнун серепчиси Мухамад Реза Жалили.

Алгач караганда расмий Тегерандын мындай пландарынын ишке ашуу мүмкүнчүлүгү жок эместей көрүнөт. Анткени, Уюмдун Кытай жана Россия сыяктуу таасирдүү мүчөлөрү Ирандын ири экономикалык өнөктөрү. Экинчиден Кытай менен Иран экөө тең Батыштын Азиядагы таасирин азайтууну көздөшөт. Москва менен Бэжин Иранга катаң санкция киргизүүгө каршы болуп келишкен.

Бирок андай болгону менен бул эки өлкө Ирандын суранычын колдоого алаары күмөн.

"Ирандын уюмга кабыл алынуусу өтө татаал нерсе болот. Арийне ал уюмга байкоочу катары кирген. Бирок Россия менен Кытай Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү катары Ирандын ядролук программасына байланыштуу жакында кабыл алынган сунуштарды колдошкон. Улуттар уюму Ирандын ядролук программасына каршы",- дейт Вашингтондогу Стратегиялык Изилдөө Институнун серепчиси Кристофер Лэнгтон.

Уюмдун дагы мүчөсү Өзбекстан Ирандын уюмга кирүү перспективасы тууралуу өз пикирин ачык айтуудан азырынча абайлоодо. Бирок, анткени менен өзбек өкмөтүндө азыр антиамерикалык маанай өкүм сүрөт жана эгерде Ирандын мүчөлүгүнө байланыштуу маселе күн тартибине койулса Ташкент Ирандын кирүүсүн кош колдоп кубатташы ыктымал. Ташкендик көз карандысыз аналитик Камолиддин Раббимовдун айтымында, Өзбекстан Шанхай Кызматташтык уюмунун батышка каршы уюмга айлануусун көздөйт.

Ал эми Казакстандын тышкы иштер министри Касымжоомарт Токаев Уюмга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуунун процедурасы татаал экенин билдирип, бул маселенин жакын арада чечиле койуусу арсар экенин кыйыткан. Бул жерден Иран менен Казакстан Каспий мунайын бөлүштүрүү маселесинде орток пикириге келе элек экенин кошумчалай кетүү керек.

Кыргызстандын жетекчилиги болсо уюмдун кеңейүүсү жөнүндө сөз кылуу али эрте экенин билдирип, азыркы максат оболу уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди чыңдоо экенин айтты.

XS
SM
MD
LG