Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

СВЕТЛОГОРСКИДЕ КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫН САБАП КЕТИШТИ


Орусиянын Калининград облусуна караштуу Светлогорск шаарында курулушта иштеп жүргөн кыргыз жарандарын дүйшөмбү күнү ошол жердик менчик фирманын күзөтчүлөрү сабап кеткен. Ишенчиликтүү булактан алынган маалыматта алар кыргызстандык он мигрантты бейсбол тобун чапчу таяктар менен сабашкан. Ошондон улам таяк жегендердин бешөө ооруканага түшкөн. Ал эми Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги билдиргенге караганда жаракат алгандар үчөө гана.

Кыргызстандык эмгек мигранттарына кол салуу болгонун кечээ «Калининград» сайты жазып чыкты. Андан соң «Азаттыктан» орус тилинде берүүсүнөн да айтылды:

«Калининград облусуна караштуу Светлогорск калаасындагы менчик фирманын кароолчулары курулушта иштеп жүргөн кыргызстандык 10 жумушчуну сабап кетишкен», - дейт Мария Салычева айым.

Биз бул маалыматты такташ үчүн Кыргызстандын элчилигине телефон чалдык. Телефон аркылуу кеп курган консул Төлөн Самүдүновдун айтымында, ал жаны эле Светлогорск шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Рубанов Игорь менен сүйлөшүптүр.

"Кыргызстандык үч атуул экен. Он эмес. Анча мынча беттери көгала болуптур. Кылмыш ишинде таяк жешкен биздин үч атуул катышып атыптыр. Дагы толук маалымат албыз го. Азыр биз Калининград областынын ички иштер башкармачылыгына чыгып атабыз. Ошол жактан ырасмий түрдө толук маалымат алабыз»,-деди Төлөн Самүдүнов.

Кабарчы: Окуя качан болуптур? Бизге жеткен маалыматта кечээ болгон имиш. Он кишини сабады анын бешөө ооруканада деп айтылат.

Төлөн Самүдүнов: Андай эмес. Мен мындан он мүнөт мурда сүйлөштүм. Үч киши, кыргыз эмгек мигранты жаракат алган. Мында улутчулдук маанай жок дешти. Алар мас болуп алып биздин атуулдарды сабашкан да. Бирок бизге толук маалымат бербей атышат. Алар ырасмий түрдө кайрылгыла, ырасмий түрдө жооп беребиз дешти. Ошон үчүн атайын кат жолдоп жообун алышыбыз керек.

Кыстара кетчү жери, азыр орусиялыктарда улутчулдук маанай абдан курчуп турган кез. Аны дегинкиси люмпен-пролетариат катмардан чыккан жаштар жасап атышканын айтышат. Алар өңү славянга окшобогондорду өлтүрүү, уруп сабоолорду уюштуруп атышат дешет. Президент Путин мындай көрүнүштү «улуттун коопсуздугуна шек келтирүчү коркунуч», - деп атаган. Бирок улутчул жаштар түсү бурууларды бычактап кетүүсү дагы эле улантууда. Былтыр мындай улуттар арасында касташуудан 350дөн ашуун киши таяк жеп, алардын ичинен 28 набыт болушкан.

XS
SM
MD
LG