Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

ШОПОКОВ ГИМНАЗИЯСЫНЫН ИЙГИЛИК СЫРЫ


Кыргызстанда сапаттуу билим берген мектептердин бири Чүйдөгү Шопоков гимназиясы. Ал ата-энелер менен жергиликтүү ишкерлердин гана эмес, чет элдик донорлордун да колдоосун таба алган. Бул мектептин ийгилик сыры жана өлкөдөгү агартуу системасынын оош-кыйыштары тууралуу жакында Кошмо Штаттарында жарык көргөн китепте айтылат.

Кечээки социалисттик, бүгүнкү капиталисттик Кыргызстанда мектептер эки оттун ортосунда калган сыяктанат. Бир четинен жергиликтүү жамааттардын да, мамлекеттин да колунда жок, бирок бийликтер советтик доордогудай эле өйдөдөн көрсөтмө берип турган система ордундагы бойдон. Бул тууралуу Кыргызстанда бир нече жыл агартуу системасын изилдеген Алан Деюң мындай дейт:

-Мектептин ишин өйдө жактан эки-үч катар көзөмөлдөшөт. Бирок ал жактан каражат түшпөйт. Борбордук бийликтер "антебиз, минтебиз" деп жарыя салганы менен, айтылган сөз айтылган жеринде калат. Ошол эле убакта мектеп директорлоруна жана мугалимдерге "анткиле, минткиле" деп буйрук берип турушат. Натыйжада мектептерге коюлган талаптар жана алардын суроо-талаптары менен мектептердин реалдуу турмушунун ортосунда карама-каршылык пайда болгон.

Жаңыл Жусубжан: Кентукки университетинин изилдөөчүсү Деюң эки кесиптеши менен биргелешип жазган "Өткөөл мезгилде жан сактообу? Көз карандысыз Кыргыз Республикасындагы мектептер жана билим берүү тууралуу даректүү изилдөө" деген китеп июнь айында жарык көрдү. Маектешибиздин сөзү боюнча, анда Кыргызстандагы билим берүү тармагынын ишмердүүлүгү же тагыраак айтканда, андай ишмердүүлүктүн канчалык аксап жаткандыгы саресепке салынат.

Ошол эле мезгилде, бардык кыйынчылыктарга карабастан, билим берүүнүн сапатын өркүндөтүп жаткан мектептер да жок эмес. Деюңдун айтымында, андай мектептердин директорлору ата-энелерди жана жергиликтүү жамаатты ишке тарта алгандыгы менен айырмаланат. Бирок калган орто окуу жайлардын көпчүлүгүндө ата-эненин ролу акча чогултуу менен гана чектелет.

Алан Деюң: Кыргызстанда бир жагынан ата-энелерди да аралаштыралы дешет, бирок экинчи жагынан эмне кылып, эмне коюшту билим берүү министрлиги өзү билет. Кошмо Штаттарында жана Европада мектепте билим берүү ата-энелердин кийлигишүүсү менен калыптанат. Ата-энелер "класста паланча бала болуш керек, балдарга түкүнчө мүмкүнчүлүктөр түзүлүшү керек, келгиле буларды чогуу жасайлы" деп турушат. Окутуу программасы менен сабактан тышкаркы иш-чаралардын үстүнөн жергиликтүү деңгээлдеги көзөмөл күчтүү. Кыргызстанда ата-энелер акча чогултушат, мектептин чатырын ремонттошу мүмкүн, бирок алар окутуунун программасына кийлигише алышпайт. Аларды, мисалы, мектептин директору же жергиликтүү билим-берүү комитети чакырып, кандай кошумча сабактар болсун деп кеңешпейт.

Жаңыл Жусубжан: Мындай кемчиликтерге карабастан, америкалык окумуштуулар изилдеген төрт мектептин экөөсүндө - Ат-Башыдагы Казыбек атындагы мектеп жана Чүй боорундагы Шопоков гимназиясы ата-энелерден берешен колдоо таап, же чет элдик донорлордун ишенимин жана ошого жараша каржылык колдоосун ала алышкан.

Деюң: Шопоков шаарчасындагы номер биринчи гимназия мыкты иштейт, ага эл аралык донорлор жабылып жардам беришет. Бул мектеп жалаң министрликтин көзүн карабай, өкмөттөн башка булактардан колдоо таба алды.

Жаңыл Жусубжан: Сөз болуп жаткан китеп Америкалык Айрекс (IREX) агенттиги тарабынан каржыланып, Кыргызстанга кызыккан чет элдиктерге арналган. Тилекке каршы изилдөөнү кыргыз тилине которууга каражат каралган эмес.
XS
SM
MD
LG