Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

ЭЭРГЕ КЫЙШЫК МИНГЕН ДЕЙБИ?..


1993-жылкы Конституцияны референдумдар аркылуу өзгөртүүлөр президент Акаевдин тушунда мыйзам бузуулар менен өткөн. Ошондуктан 1994-жылдан берки Кыргызстандын аткаруу, мыйзам чыгаруу бийлик бутактарынын иштеп атышы мыйзамсыз. «1993-жылкы Конституция» кыймылынын мүчөлөрү сотко мына ушундай доо-арыз менен кайрылып келатышат.

1993-жылы Кыргызстанда жаңы Конституция кабыл алынып, жыл өтпөй ал референдум аркылуу өзгөртүлгөнү жалпыга белгилүү чындык. 1994-жылы 13-сентябрда «легендарлуу парламент» таркатылып, бийликтин эки тизгин бир чылбырын колго алган а кездеги президент А.Акаевдин жарлыгы менен референдум жарыяланып, Конституция түп-тамырынан жаңыланган. Эки палаталуу парламент шайланып, президентке абсолюттук дегидей башкаруу укугу берилген.

1993-жылкы Конституцияны жактоочулар кыймылынын жетекчиси сүрөтчү Чоро Сарыпбеков алгачкы референдум мыйзам бузуу менен өткөнүн айтып, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөн жылдын 16-июнунда кайрылган. Бирок да райондук, андан соң Жогорку сот кыймыл жетекчисинин доо арызын туура эмес деп тапкан.

Чоро Сарыпбеков мыйзам тартибинин сакталышын талап кылып Конституциялык сотко, Башкы прокуратурага арыз берген. Бирок алардын баары Ч.Сарыпбековдун арызын четке кагышкан. Иштин чоо-жайын арыз ээси мындайча түшүндүрөт:

- Жаңы Жогорку Кеңешти шайлашты, Конституцияны бузушту. Эски парламентти таркатып жиберишти. Парламент шайлоо мыйзам негизинде болушу керек эле. Бирок ал мыйзам эмдигиче жок. Жаңы парламентти шайлаш үчүн конституциялык мыйзам керек. Ал мыйзам бүгүн деле жок. Ошондуктан бүгүнкү Жогорку Кеңеш мыйзамсыз.

Чоро Сарыпбековдун жактоочусу Александр Типеров 1993-жылкы Конституциянын одоно бузулушу укуктук баасын алышы керек деген пикирде. 1994-жылкы референдум, андан кийинкилеринин дээрлик баары мыйзамсыз.

- Кийинки өзгөртүү, алымча-кошумчаларды киргизген референдумдар да мыйзамсыз болгон. 1996-жылкы, 1998-жылкы өзгөртүүлөр ошондой. 2003-жылдын февралында Конституциянын жаңы редакциясын референдум аркылуу кабыл алуу да ошондой эле мыйзамсыз өткөн. Ошондуктан президентти, Жогорку Кеңешти кийинки шайлоолор, анын ичинде Курманбек Бакиевдин шайлоосу да мыйзамсыз. Себеп дегенде, констиутциялык өзгөрүүлөрдүн баары мыйзамды одоно бузуу өткөн,- деп айтты Александр Типеров.

Өткөн жылкы сотко кайрылуулардан жыйынтык чыкпаганын көргөн Чоро Сарыпбеков быйыл жаңыдан ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан сотко доо арыз менен кайрылды. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бул иш каралып, 14-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү келбей калгандыгына байланыштуу ишти териштирүү эртеңкиге - бейшембиге жылдырылды. Чоро Сарыпбеков сотко парламент, президент өкүлдөрү катышып, эмнеликтен 1993-жылкы Конституция мыйзамдарды бузуу менен оңдоп-түзөлгөнүнө жооп бериши керек дейт.

XS
SM
MD
LG