Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

ЭКОНОМИКАДА ӨСҮШ БАР, БИРОК СООДАДА ТЕСКЕРИ САЛЬДО, ЭНЕРГЕТИКАДА КРИЗИС


Кыргызстандын экономикасындагы тескери көрүнүштөр тышкы соодадагы тескери сальдо, энергетика тармагынын кризистик абалдан чыга албай жатышы жана ири өнөр жай ишканаларынын жандана албай жатканына байланыштуу болуп келген. 2006-жылдын беш айы боюнча статистикалык маалыматтар экономикада ал тескери көрүнүштөрдүн сакталып калгандыгын айкындап турат.

Маселен, быйылкы жылдын төрт айында тышкы соода 707 миллион доллар болуп, ал өткөн жылга салыштырмалуу 28% өскөн. Бирок анын ичинде импорт 44%, ал эми экспорт 3.5% гана көбөйгөн. Натыйжада тескери сальдо 244 миллион долларды түзгөн.

Талдоочулардын пикиринде, эгерде кыргыз эмгек мигранттарынын салымы болбосо, мындай тескери сальдо сомдун күчүнүн кетишине, анын натыйжасында инфляциянын арымдашына алып келмек.

Экономика жана каржы министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын беш айында Кумтөрдү кошпой эсептегенде, экономика 5.6% өсүш берген. Ал эми Кумтөр кени болсо өндүрүш көлөмүн өткөн жылга салыштымарлуу -33.7% төмөндөткөн. Өлкөнүн энергетика тармагы карыздардын чырмоогунда калып, 0.5% гана өсүштү берген.

Өнөр жайдагы жалпы абалды текстиль жана тигүү 12.3%, айыл чарба продукциясын кайра кайра иштетүү 6.8% жана машина жана жабдууларды жасоо тармагы 3.5 эсе өсүш берүү менен алдыга сүрөгөн. Ошону менен жалпы өнөр жай тармагы Кумтөрдү кошпогондо 7.4% өскөн. Инфляция көлөмү болсо 3.7% болгон.

Жаңы бийлик өлкөнүн экономикасын ири өнөр жай ишканаларын жандантуу жана жаңы ишканаларды куруу менен көтөрүү максатын койгон. Ал максаттардын ичинен бир гана Кызылкыя цемент заводун куруу ишке ашууда. Ал эми Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтерин куруу жана башка ири өнөр жайларга байланыштуу пландардын реалдуу башаты байкала элек.

Кызылкыя цемент заводу боюнча Кытайда жакында эле 80 миллион долларлык контрактыга кол коюлду. Биринчи вице премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдун айтымында, 15 айдан кийин цемент чыгарыла башташ керек.

Ал эми Камбарата ГЭСтерин «Токтогул каскадындагы ГЭСтердин статусу» жөнүндөгү мыйзамдын алкагынан чыгарууга Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети макулдук берген менен, жалпы парламент карай элек. Жайкы каникулга тарап кеткенге чейин депутаттар аны кароого үлгүрөбү же жокпу, азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG