Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

КЫРГЫЗСТАНДА КИРПИЧТЕН ҮЙ САЛЫНАТ, ИСПАНИЯДА БОЗ ҮЙ ТИГИЛЕТ


Убакыт өткөн сайын көчмөн цивилизациясынын дүйнөсү тарып, анын ичинде кышкы ызгаарда да, жайкы аптапта да кылымдардан бери көчмөндөргө кызмат кылган боз үй күнүмдүк турмуштан жок болуп баратат. Тилекке жараша бүгүн Атлантика мухитинин жээгинде же Жер ортолук денизинин боюнда боз үй тигип, көчмөндөрдүн маданиятын сактап калууга салым кошуп жаткандар да жок эмес. Алардын бири мурда монголдордун гер деп аталган боз үйүн жасап келсе, эми кыргыздардан боз үй жасаганды үйрөнүп, Испанияда боз үй туризмин өнүктүрүүгө нийеттенүүдө.

Европанын бир катар өлкөлөрүндө бүгүн көчмөндөрдүн боз үйүндө эс алууну сунуш эткен бир нече туристтик фирма бар. Роберт Матеус да ушул бизнеске кирүүнү көздөйт. Азыр кыргыз боз үйүн изилдеп, илимий эмгек жазып жатат. Бул үчүн былтыр Кыргызстанда болуп, көл кылаасында өткөн атайын семинарда кыргыздын боз үйүн жасаганды үйрөнүп келдген. Келерки жылы ал Кыргызстанга европалыктарды алып келип, боз үй маданияты менен тааныштырууну көздөөдө.

-Кыргызстанга каалоочуларды алып барсам, алар Европадагыдан бөлөк өлкө, башкача маданият менен таанышышат. Боз үйдү мындан жүз жылдагыдай, электр кубаты жок кезде жөнөкөй аспаптар менен жасаганын көрүп, үйрөнүшөт. Кайтып барганда алар үйрөнгөнүн иш жүзүндө пайдаланып, бул мурасты сактап калууга салым кошот деп үмүттөнөбүз,-дейт Роберт Матеус.



Роберт Матеус медицина илимдеринин доктуру, мурда рак оорусуна чалдыккандарды дарылачу. Кийин монголдордун герин жасаганга өткөн. Кыргызстанда болгондо боз үй жасоо өнөрүнүн жок болуп бараткандыгына көзү жеткен:

- Монголия сыяктуу өлкөлөрдө жаңы технологиялардын, коомдогу прогресстин кесепетинен элдер боз үйгө далысын сала башташты. Алар боз үйдө эмес, шаарларда жана айылдарда жашаганды артык көрүшөт. Ошонун айынан боз үй жасоонун сырлары акырындап жокголуп баратат. Кыргызстанда да боз үй аз тигилет экен, көп учурда киши өлгөндө гана тигип калышыптыр. Суроо-талап азайган сайын, бул өнөрдүн сырлары да жоголот.

Айрымдарыбыз илгерки боз үйдүн бизге канчалык кереги бар деп ойлойбуз. Андан көрө бетондон фундамент куруп, бышкан кирпичтен заңгыраган үйлөрдү салып, кыргыздар деле цивилизациянын агымына кошулса эмне үчүн болбосун? Тарыхтын дөңгөлөгүн артка буруш мүмкүн эмес, бирок кайталангыс маданий мурастын баркын билгендер аны сактап калууга аз да болсо салым кошулары келет.

Роберт Матеустун айтымында, ал өзү Англиядан, азыр Испанияда жашайт.

-Айланамдагы жашоого үңүлсөм, эскиче үй-куруу унутулуп баратканын көрөм,-дейт Роберт.-Европалыктардын түпкү маданияты жок болуп баратат. Азыркы курулуштарда кунарсыз формалар колдонулат, энергия кубаты көп ысырап болот. Адам жашаган чөйрө өзгөргөндө, акыры барып, коомдун табигаты да өзгөрөт эмеспи. Эгер муну түшүнбөсөк, башка жол жок деп ойлойбуз. Ошондуктан биз Испанияда боз үй гана тикпестен, испандардын эскиче үй куруу салтын да жандандырууну максат кылабыз. Мындан 100 жыл мурдгыдай самандан үй салабыз. Мындай үйдүн кандай салынаарын билишсе, испандар азыркыдай курулуштарды курбастан, табигый материалды колдоно алышат. Бул - бүт дүйнөдө үстөмдүк кылып келаткан цемент-бетон архитектурасынын арымын басаңдатып, түпкүлүктүү архитектураны сактап калуунун аргасы.

Боз үй - көчмөн архитектурасынын туу чокусу саналат. Мындай турак-жай Американын түпкү элдеринен тартып, бүт дүйнөдө кезигет. Алардын арасында кыргыз боз үйү татаалдыгы жана көз тайгылткан көркөмдүгү менен айырмаланат. Мисалы эгер монголдордун герин алсак, анын түндүгү жапыс келип, ички жасалгасында кол эмгекке караганда, жыгач-таш көбүрөөк колдонулат.

-Кыргыздардын боз үйүнө киргенде ар кыл түстөрдүн жана оюлардын дүйнөсүнө туш болосуң. Монголдордун геринде бир гана кызыл түстү, анча-мынча саргылт, көгүш түстөрдү колдонушат. Гер менен боз үйдүн жасалышына кеткен убакытты да салыштырып болбойт. Боз үйгө аялдардын кол эмгегине аябагандай көп убакыт жумшалат,- дейт Роберт Матеус.



Боз үйдү жасоодогу аялдардын салымын эске алып, Роберт Матеус келерки жылы Кыргызстанда өтө турган семинарга кыргыздын уздарын көбүрөөк тартсам дейт. Көлдөгү Бөкөнбаево айлындагы семинарга былтыр алар аз келишкендигин белгилеп, кыргыздын уздарынын ролун көтөрүү керек деген ишенимде :

-Кыргыздардын боз үйүндө аялдардын эмгеги көп. Анын үстүнө, Кыргызстанда аялдардын экономикалык абалы оор. Ошондуктан биз аялдарды көбүрөөк тартсак дейбиз. Мен өз китебимде да муну жазам, кыргыздын боз үйү жалаң жыгачтан турбайт, анын жасалгасы да бар, ички жасалгасында узчулуктун орду зор. Ушуну эске алганда биздин семинарга аялдар да кызыгып, катышып берет деп үмүттөнөбүз.

Роберт Матеус Испанияда өмүрлүк жубайы менен бирге гер жасап, Францияга, Англияга сатат. Көчмөндөрдүн бул өнөрүн Англияда үйрөнгөн. Себеби Кыргызстанда боз үй унутулуп баратканы менен, Европада боз үй туризми гана эмес, боз үй жасоо өнөрү да улам жайылып баратат. Боз үйдүн ар кыл түрлөрүн жасаган устаканаларды бүгүн АКШда да кездештиребиз.
XS
SM
MD
LG