Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

ОШ ОБЛАСТЫНДА МАЛДЫН ШАРП ЫЛАҢЫ ЖАЙЫЛУУДА

Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош облусунун Каракулжа, Өзгөн жана Карасуу райондорунда малдын шарп ылаңы таралып жатат. Жергиликтүү калктын өкүлдөрү өз учурундагы тиешелүү ветеринардык жардамдын болбогондугунан улам алар жоготууларга учурашкандыгын белгилешти. Ал эми түштүк аймактык ветеринардык көзөмөл кызматы аталган мал ылаңы Өзбекстандан ооп келген малдардан жугуп, тез таралып кеткен деген жүйөөсүн айтышууда.

Быйылкы жайлоонун башталышы шарп деп аталган мал ылаңынын кеңири таркалышы менен коштолуп жатканынан жергиликтүү тургундар тынчсызданышууда. Шарп ылаңы учурда жогоруда аталган үч райондун аймагындагы жайлоолордо кеңири жайылууда. Адистер али күнгө чейин бул илдеттин кайдан пайда болгонун жана таралуу очогун али аныкташа элек. Каракулжа айыл өкмөтүнүн тургуну Абдышүкүр Касымбеков тиешелүү кызматтар буга чейин алдын алуу иштерин жүргүзбөгөн кайдыгер мамиледен улам илдет тездик менен таралып жаткандыгына тынчсызданды:

- Шарп оорусу биз жайлоого келсек бар экен анча-мынча. Бул кыска мөөнөттө өсүп кете турган нерсе. Карантин массалык болуп аткан мезгилде болбостон, эми бүткөндөн кийин болуп атат.

Жергиликтүү адистер быйыл шарп ылаңынын өзгөчө курч түрү пайда болгондугун белгилешүүдө. Түштүк аймагы боюнча ветеринардык көзөмөл кызматынын жетекчиси Жамгырчы Бектаевдин айтымында, шарптын тез таралган бул түрү коңшу өлкөдөн ооп келген:

- Карасууда 150-200 тегерегинде мал ооруп атат. Ар бир жайлоодон тактап келишти. Каракулжада 70-80ге жакын, көбүнчө Сарыбулак айылында, Өзгөн районунда 15-20дай шарп менен ооруган мал катталды.

Жергиликтүү калктын өкүлдөрүнүн айтымында, шарптын таралышынан малдын өлүмү көбөйүп жатат, бирок бийлик өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча азырынча жоготуулар жок.

Тиешелүү кызматтар оорунун очогу коңшулаш өлкөдөн чыккан дешсе, экинчилер мындай болушу мүмкүн эмес деген эки ача пикирлер орун алууда. Ош облустук акимчилигинин укук коргоо, чегара жана коргонуу иштери боюнча бөлүм башчысы Абдувахап Кахаров бул боюнча төмөндөгүдөй оюн ортого салды:

- Өзбекстанда малдын бруцеллез, шарп оорулары чыкпадыбы. Мурда макулдашуулар бар болчу Өзбекстандын малдарын биздин жайлоолорго алып чыгууга. Азыр бул ооруунун чыкканына байланыштуу уруксат берилген жок.

Шарп ылаңы жайылган аймакта жашашкан жергиликтүү калктын өкүлдөрү болсо учурда ооруган малды дарылоо жана алдын алуу үчүн сапаттуу дары-дармектин жетишпей жаткандыгын айтышты.
XS
SM
MD
LG