Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

СОГУШТАРДЫН ЖҮРҮП ЖАТКАНЫНА ОК-ДАРЫ ӨНДҮРҮШҮ ДАГЫ КҮНӨӨЛҮҮ


Нарын АЙЫП, Прага Улуу Британияда жайгашкан "Оксфам" деген уюм 15-июнда ок-дары өндүрүү боюнча отчет чыгарууда. Анда келтирилген маалыматтарга караганда, ок сатууну токтотуу менен эле дүйнөдө жүрүп жаткан согуштардын санын кыскартуу мүмкүн.

26-июнда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси менен курал-жарактарды кыскартуу боюнча ири эл аралык конференция өткөрүлөт жана отчет ошол жыйынды утурлап даярдалган. Ок-дарынын өндүрүлүшүн кыскартуу канчалык маанилүү экенин болсо бир эле мисалдан көрсө болот. Африканын Либерия мамлекетинде көп жылдан бери ич-ара согуш жүрүп келген, бирок 2003-жылдын жайында согушуп жаткан тараптардын октору түгөнүп калгандыктан, согуш өзү да токтогон жана ал күнү эч ким өлгөн эмес. Бирок жабдуу кайрадан жандангандан кийин, согуш да уланган. "Оксфам" уюмунун айтымында, ок чыгарган мамлекеттер сүйлөшүп, ок-дарыны өндүрүүнү токтотсо, дүйнөдөгү согуштардын саны дагы дароо бир кыйла кыскармак.

Согуштарды токтотуу, албетте, өтө кыйын жана ошондуктан Бириккен Улуттар атайын конференция өткөрүп жатат. Курал өндүрүп-сатуу эбегейсиз пайда алып келет, анын орто кирешеси 500 пайыздын тегерегинде. Жалаң октордун өндүрүшүн алсак, дүйнөдө бир күндө 33 миллион ок өндүрүлөт экен жана аны чыгарып жактан мамлекеттер ал октор кийин кимдир бирөөгө барып тийе турганы жөнүндө дагы унутпаш керек.

"Оксфам" уюмунун айтымында, эң алды менен ок-дарыны өндүргөн мамлекеттер атайын келишимдерди түзүп, октордун козголоңчуларга же ишенимдүү эмес колго тийбешин камсыз кылууга тийиш. Дүйнөдө азыр 76 мамлекет ок чыгарат экен, алардын эң негизгилери - Румыния, Орусия, Кытай, Мисир, Бразилия, Болгария жана Израиль.

Чеченстанда жүрүп жаткан согушка катышкан козголоңчулар ок-дарыны өздөрүнүн душманы Орусиянын федералдык аскерлеринен сатып алчу деген кабарлар кезегинде чыккан. "Оксфамдын" эксперттери жакында, май айында, Иракка барып келген экен жана Багдад шаарында качан болбосун жогорку сапаттагы ок сатып алуу мүмкүн экенин аныктаган. Уюмдун жетекчилеринин бири Анна Макдоналддын айтымында, 2003-жылы согуш башталганга чейин азыркыдай ок соодасы Иракта болгон эмес:

"Ок-дары Иракта эки жол менен гана пайда болушу мүмкүн. Же алар кошуна мамлекеттерден жашыруун алып келинет, же алар Ирактагы эл аралык коалиция аскерлеринен чыгат. Кандай болгондо дагы, бул абал - ок сатуу ишинде көзөмөл өтө начар экенинин белгиси", - дейт Макдоналд айым.

XS
SM
MD
LG