1998-жылы дүйнө чемпионатында Англиянын командасы эски атаандашы Аргентина менен ойноп, пенальти боюнча жеңилип калганда жергиликтүү ооруканаларга инфаркт деген диагноз менен түшкөн адамдардын саны демейдегиден 25 процентке көп болгон.
Британиялык изилдөөчүлөр бул бекер жеринен болгон жок деп эсептешет. Дүйнө чемпионатында утулуу жер титирөө, душмандын кол салуусу өңдүү олуттуу окуялардай эле инфарктка алып келиши ыктымал, - деген тыянакка келишет доктурлар.
Бирмингем университетинин психология боюнча профессору Дуглас Кэролл бул феноменди мындайча чечмелейт:
"Себеби чоң стресс пайда болот. Англиянын калкы 50 миллиондой адамды түзөт, 98-жылы Англия Аргентинага утулган матчты 22 миллиондой киши көргөн. Зилзала, Скад ракетасынын соккусу, албетте, күчтүрөөк. Бирок футбол боюнча беттешүү олуттуу болбогону менен ага көп киши тартылат. Жана акыр аягында ошол окуялар бирдей таасир этишет".
Кэроллдун голландиялык жана швейцариялык кесиптештери да ушундай эле ойду карманышат. Белгилей кетели, Швейцариянын командасы эч качан дүйнө чемпионатынын чейрек же жарым финалына чыгып көргөн эмес.
Лозаннадагы бейтапканада иштеген кардиолог Эйген Катц ар бир бүйүр кызыткан беттешүү күйөрмандын жүрөгүнө таасир этиши мүмкүн деп түшүндүрөт:
"Адам стресс абалында болгондо жүрөгү тезирээк сого баштайт жана кан басымы жогорулайт. Ал эми жүрөк кан тамырларынын оорусу бар адамдардын дарты күчөшү мүмкүн".
Өткөн айда Дэвид Лукхорсттун Англия Лигасынын финалын көрүп отурган жеринен жүрөгү кармап, 50 жаштагы футбол ышкыбозу Лондондогу оруканадан көз жумду.
Бирок толкундануунун пайдалуу жактары да бар, дейт Катц.
"Франциялык футболчулар 1998-жылкы дүйнө чемпионатын жеңгенде өлкөдө жүрөк оорууларынан көз жумгандардын саны азайгандыгы байкалган".
Франциялык илимпоздор ал жолу кубанычтын жалпы маанайы стресстин деңгээлин төмөндөткөн деген пикирде.
Андан тышкары жеңген команданын эркек ышкыбоздорунда тестостерон деген гормон көбөйт экен. Утулган тарапты колдогондордо болсо тескерисинче азаят.
Ошентип, америкалык окумуштуулар футбол матчын көрүү адамга чоң психологиялык таасир этет деген жыйынтыкка келишет.
Муну шотландиялык изилдөөлөр да тастыктайт. Шотландия катышкан чемпионаттар маалында өлкөдө ар кандай психикалык орулардын күчөшү азайган.
Дагы бир кызыктуу жагдай, аялдар жер титирөө же согуш учурундагыдай эле футбол матчтарын көрүп отурганда инфаркт коркунучуна көп туш болушпайт экен.
Айрым окумуштуулар муну аялдардын биологиялык түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү менен түшүндүрүшөт.