Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

ГЕРМАНИЯДА ФУТБОЛ МАЙРАМЫ КӨЧӨЛӨРДӨ УЛАНУУДА


Дүйнөлүк чемпионат өтүп жаткан Германияда футбол оюндарына билеттер эбак сатылып кеткен, ошого карабастан, төгөрөктүн төрт бурчунан дагы деле жүз миңдеген футбол күйөрмандары агылып келип жатышат. Жатаарга жай тартыш болсо да, алар атайын орнотулган зор экрандардан оюн көрүп, ырдап, бийлеп, чер жазышууда.

Германиянын шаарларында бүгүн майрамдык маанай стадиондор менен гана чектелбейт. Берлинде Фэн Фест деп аталган күйөрмандардын майрамы үчүн шаардын чоң жолунун боюнда 12 футбол талаасы келген аянт бөлүнгөн. Анда 60 чарчы метр келген экран орнотулуп, бардык футбол оюндары көрсөтүлүп жатат. Майрамдык иш-чаралар түш маал башталып, түн ортосуна чейин токтобойт. Топ мелдеши өтүп жаткан калган 11 шаарда деле керээли-кечке музыка, ыр-күлкү жаңырат. Себеби эгер футбол оюндарына 3-4 миллион киши билет алса, күйөрмандардын майрамдарына мындан эки эсе көп киши катышат. Жергиликтүү бийликтер бул майрамдын шаңдуу өтүүсү үчүн колдон келген шарттарды түзүп, оюн-зоокторду бекерге уюштурушууда. Бир жаман жери бардык конокторго түнкүсүн уктаарга жай жетишпей калууда. Мисалы Дортмунддун мейманканаларында болгону 5250 орун болсо, шаарда чейрек миллион турист жүрөт. Шаардык стадиондун жанындагы чоң залга 4 миң керебет коюлду. Биор орунга 35 евродон төлөшүүдө, ага да жеткендер бар, жетпегендер бар.

Мексикодон келген кыз мейманканаларда орун жок болгондуктан, 9 киши жаткан бир бөлмөгө чоң чыгым болгондугуна даттанды.

Ал эми Өзбекстандан келген журналист Алишер Никимбаев молдован кесиптештери жай жок, түндү поездде өткөрүшөөрүн мындайча билдирди:

- Молдовадан эки журналистке жолугуп калдым. Германияга минибус менен келишкен экен, айдоочусу кетип калыптыр. Эми алар оюн түнкү саат 11де бүткөндөн кийин саат 12де поездге отуруп, ошол жерде түндү өткөрүшөт.

Бирок, бардык кыйынчылыктар майрамдык шаан-шөкөттүн көлөкөсүндө калууда. Казакстандан Бекмагамбетова уулу экөө фото-тасма чыгарган Фужи фирмасынан чемпионатка катышууга 2 билет утуп алышкан, азыр Берлинде. Ал биздин радиого шаарда майрамдык маанай өкүм сүрүп турганын бышыктады. Анын айтымында, мурдагы советтик жумурияттардан 60 чакты киши чогуу келген, алардын 15-20 Казакстандан экен.

Гамбургда конок ээлери ар улуттун күйөрмандарына өз бурчун курууну сунуш эткен. 50 миң чакты турист каптап кеткен шаардын көчөлөрүндө Британиядан келгендер фанера, картондон англиялык барды тургузушту. Мексика менен Иран футбол талаасында кырды-бычак болгону менен, бул эки өлкөнүн атуулдары ынтымакташып коктейл-барын куруп жатышат.

Футболдук мелдештин Германиянын шаарларында айгине болуп жаткан глобалдык маңызын өзбекстандык эки жигиттин узак сапары айрыкча далилдеп тургансыпйт. Акрам Маруфжонов менен Мусажон Хорнидов Ташкенден бери велосипед менен 6 миң 400 чакырым аралыкты басып келишкен. Алар Германиянын улуттук командасынын атактуу чабуулчусу Оливер Каан менен кол алышып, көксөөлөрү суугандай болду!
XS
SM
MD
LG