Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:34

ОРУСИЯ «ЭРКИН ЭМЕС» ӨЛКӨЛӨР КАТАРЫНА КОШУЛДУ

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Адам укугун коргоочу эл аралык «Эркиндик үйү» (Freedom Hous) уюмунун жетекчиси шаршемби күнү Москвада өткөн жыйында 2005-жылдын жыйынтыгын жарыялады. Ал жерде жасалган докладда элинин жашоосу «эркин эмес» катардагы 45 өлкөнүн бири Орусия экендиги айтылды. 2004-жылдын жыйынтыгында Орусия элинин жашоосу «чала-чарпыт эркин» катардагы тизмеде эле. Анализчилер чөйрөсү болсо Орусия атуулдарынын укуктарынын тебеленип атышы тууралуу жакында Санкт-Петербургда өткөнү жаткан Чоң сегиз саммитинде кеп болот дешет.

Маскөөдө «Эркиндик үйү» (Freedom Hous) эл аралык уюмдун жетекчиси Женнифер Виндзор шаршембиде маалымат жыйынын өткөрдү. Ал жерде 2005-жылы дүйнөдө адам укугу кандай абалда болгондугу айтылды. Калыстар элегинен өткөрүлүп чыгарылган жыйынтык жарыя кылынды. Маселен, Виндзор айым айтканга караганда, жер жүзүндө былтыр, 89 мамлекет эли «эркиндикте» деген тизмеге кирген.

Алар жер жүзүндө калктын баарынын 46 пайызын түзөт экен. Эли «чала-чарпыт» эркиндикте тизмеге 58 мамлекет алынган. Алардын бири Кыргызстан экен. Алар жер жүзүндө калктын 18 гана пайызын түзөт экен. Элинин жашоосу «эркин эмес» катардагы тизмеге былтыр 45 мамлекет катталган. Ошолордун бири Орусия болгон.

«Биз бул өлкөдө (Орусияда – ММ) пайда болуп аткан бейкалыс көрүнүштөргө бушайманбыз. Айрыкча аткаруу тармагынын колуна бийликтин эки тизгин бир чылбырынын топтолушу бизди тынчсыздантат. Мыйзам жана сот тармагынын бошоңдошу системанын иштешине тоскоол болуп атат. Ошондой эле көзкарандысыз массалуу маалымат каражаттары менен коомдук уюмдарга кысым көргөзүү жана аларды чектөө дагы бизди бушайман кылууда. Натыйжада, Орусиянын өзү үчүн эң маанилүү маселелер, анын ичинде паракорчулук - ачык айтылбай, аны талкулоо майданды кескин тарып калган», - деди Женнифер Виндзор айым.

Орусия былтыр, 2004-жылдын жыйынтыгы боюнча эли «чала-чарпыт эркин» деген тизмеден да ылдыйлап эми Бирма, Зимбабве, Кытай жана башка мамлекеттер катарына колшулган.

«Эркиндик үйү» (Freedom House) Кремлдин демократиялык жолдон чыгып баратышын Орусиянын сырьелук байлыгынан улам болуп аткан көрүнүш катары баалаган. Ырасмий Кремл болсо ички саясатында адам укугун кор кыла турган эч нерсе жок экенин айтат. Президент Путин айткан кепте: «Орусия адам укугун ардактап баалайт жана бул маселе боюнча алган эл аралык милдеттенмесин сөзсүз аткарып келатат».

Өлкөнүн сырье байлыгы анын ичинен карамай менен газдын саясатка таасири жок экенин Мамдума депутаты Петр Шелест айтты. Андан аркы кебинде адам укугун тебелеп тепсегидей Орусияда шарт жок деди:

«Конституция алмашкан жок. Мызам чыгаруу барган сайын жакшырууда. Ал эми биз: мен, сиз же үналгы угуучулары өзүбүздүн конституциялык укугубузду кандай пайдаланабыз – бул ар кимдин эс акылына жашараша болуучу нерсе», - деди «Бирдиктүү Орусия» партиясынын мүчөсү.
Куржундар
XS
SM
MD
LG