Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:38

КЫТАЙГА ЫКТАГАН КУРМАНБЕК БАКИЕВ, КАЙРАДАН КАНТАЛАМАЙ, ЭЛГЕ КАРШЫ КУРАЛ КОЛДОНУУНУ ОЙЛОГОН АСКАР АКАЕВ


15-июндагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары Президент Курманбек Бакиевдин Кытайга жасаган расмий сапары жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммити тууралуу түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди.

15-июндагы “Алас” гезити “Кылаң бийдин – журту ылаң” деген баш сөз менен чыкты. Кытай эл республикасына жасалган расмий сапарында президент Курманбек Бакиев Үзөңгү Куушту биротоло берүү декларациясына кол коюп, уйгур темада одоно ката кетиргенин, тышкы саясатта сагызгандай сак болуу керектигин “Алас” гезити талдоого алган.

Ушул гезит “Конституция долбоорун иштеп чыкчу жумушчу топ ушу тапта Ысыккөлдүн жээгине жатып алып башкаруунун үч формасы боюнча үч долбоорду ийлеп бышырууда. Ал бышып бүткөн соң алар тобу менен чыгып, эл-журтка түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкчү.

"Кыргыз эми 15 жыл ичинде башкаруунун 3 формасын баштан кечирди. Биз элге бу жылдан тиги жылга чейин парламенттик формада, бу мезгилден тиги мезгилге чейин аралаш башкаруу астында, ал эми калган учурда болсо президенттик бийлик менен жашадыңар деп айтабыз. Анан эл өз бүтүмүн чыгарат,- деди Азимбек Бекназаров»

«Бүгүн калп эле өлүмүш эткени менен Акаевдин өткөн режимин көрүнөө да, көмүскө да колдоп келген. Кечээ «Менин өлкөм» эчкачан бийлик партиясы болгон эмес» менен башталган кайрылуу жарыялады. Кайрылуу «нагыз революционер» терисин жамынган «авантюрист» Бекназаровду каралоого багытталган. Эмне үчүн? Көрсө, А.Бекназаров Акаевдин «аппак» кишилерине сурак, сотсуз «кылмышкер» деген айып тагыптыр.

Конкреттүү кимге, кай жерде экендиги албетте, айтылбайт. Анан азыркы бийликке акараат айтып, кыргызстандыктардын атынан сүйлөгөнүнө ачууланат. Чөнтөгү жука киши бир жылда эки ирет депутат болалабы деп демитет. Бул партия жетекчиси Жоомарт Оторбаевдин азыркы бийликке ыргыткан абаротунан («воздушный поцелуй») башка эчтемени эске салбайт. Кызмат үмтөтүп атат го?!» деп жоромолдойт «Алас» жумалыгы.

«Адвокатпы, актербу?» деген суроону «Алас» гезити коюп, жооп издейт.«Чын-чынына келгенде адвокаттык кесип актердун кесибинен аз эле айырмаланат. Ушул тапта «Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңан тал карма» болуп турган А.Акаев эми Акин Токталиев деген дагы бир жактоочуну жалдаган экен, анысы өз ролун ойноп баштады. Актер бечара ар кайсы кейипкерлердин бейнесин жаратуу үчүн кандай далбастаса, адвокат да кылмышкерди актоо үчүн канчалык далбастаа­рын эми көрүп алгыла. Ал Аскар Акаевди да, азыркы бийликти да булуттун үстүндөгү периштеден бетер актап, оңду-солду пресс-конференция «ойной» баштады.» деп маалымдайт.

« Кайрадан канталамай?» аттуу макаласында публицист Алым Токтомушев жаңы бийликтин мүлк таламайын талдоого алган.

Жаңы бийлик болсо күн чак түштө чырак кармап күнөкөрлөрдү издемиш болууда. Эсеби маселең, кыргыз Генпрокуратурасы өткөн жылдын 20-июлунда Кемелбек Нанаевге издөө салып, өз эрки менен келбегенине байланыштуу жашаган жери белгисиз шылтоосу менен 20-сентябрда ишти жаап салганы андан башканы айттырбайт. Президент Бакиев: «коррупция менен күрөшүп жатканыбызды көрбөгөн көзүңөр көрбү?» деп оппозицияга жыйын сайын опурулат.

Анын сыңарындай Кемелбек Нанаевдин кайда экендигин күч органдарын мындай кой, Курманбек Салиевич өзү куп билет. Же Айдар Акаевди, же Адил Тойгонбаевди сыйпалап таппай атышабы? Эки күндүн биринде Курманбек Салиевич менен Феликс Шаршенбаевич алмак-салмак Кремль менен Казакстанды сагаалап жүгүнүп жүрү. А эмне үчүн Россия же Казакстан өкмөтүнөн аларды берүүнү талап кылууга оозу барбайт. Эларалык эреже-каада, мамлекеттер аралык келишим, нормаларга ылайык.

Тескерисинче, ачылган «аяк» Москва менен Астанага барган сайын ныгырылып жабылууда. Эсеби маселең, Кант цемент-шифер заводу. Кыргызстандагы бул монополист-гигант ишкананын 32% акциясы президент Назарбаевдин кызына таандык экендиги кийин ачыкка чыкты. Акаев уулунун акмакчылыгын жашыруу үчүн төлөсө керек. Кеп анда эмес. Кеп момунда. Учурунда завод 1,7 млн. долларга сатылып кеткени белгилүү. Эми салыштырып бак: заводдун бир эле пансионаты – «Витязь» 1 млн. долларга бааланган. Ошол 1, 7 млн. да жөндөп төлөнгөн эмес. Макул, реприватташтыруу жакшылыкка апкелбейт. Бирок эмне үчүн чыныгы баасы менен төлөнгөн сумманын айырмачылыгын талап кылууга болбойт? Украинадагы «Криворожсталь» металл комбинатына ошондой мамиле жасалды. Президент Кучманын күйөбаласы шериктештери менен 84 млн. долларга сатып алган экен, Россия сунуш кылган 1,5 млрд. доллардын айырмачылыгын төлөдү да, алчактатып иштетип атат.

Бизде эмне болду, антмек түгүл К.Бакиев бийликке буту илинип-илинбей Астана босогосун аттаар замат эл алдында айткан антын унутуп, заводдун мамлекетке тиешелүү 13% акциясын жең ичинен кимдир бирөөгө кармата берди. Бири казакстандык ишкер алды дейт, бири Бакиевдин уулу алды дейт.
Республикадагы эң ири ишканалар: Кайыңды кант заводу, «Бител», «Кыргызгаз» ж.б. да ушундай тагдырга тушукту. Эң негизгиси алар Кыргызстанга кадимкидей кырданып, монополисттик «мордасын» тыгып, ансыз да жону жука элге асмандын башындагы бааны айтып атыр.

Кечээ жакында дагы бир маалымат тарады. Өзүңөр билесиңер, бүт Кыргызстанды авиакеросин менен камсыз кылган «Аалам Сервис» компаниясы «бүт Кыргызстандын күйөбаласы» Адил Тойгонбаевге таандык болчу. Андан табылган миллиондор буга чейин казнаны кыйгап, «политүйбүлөгө» кайсы арык менен акканы айтыла берип, ашмалтайы чыкты. Эми ошонун кулагын жаңы «политүйбүлөгө» буруу демилгеси көтөрүлүп жатыптыр.

Кантип дейсизби? «Аалам Сервистин» «Манас» аэропортуна тиешелүү бүт активин май куюу менен шугулданган «Эйркрафт Петрол Менеджмент» менчик компаниясына өткөрүү менен. Мамлекеттин үлүшү басымдуу АК мүлкү менчик компанияга кандай шарт менен өткөрүлөт? Эмне үчүн ал процесс ушунчалык жабык, жашыруун жүрүп жатат? «Манас» аэропортуна жалгыз монополист менчик компаниянын уюштурулуш зарураты канчалык? Эң негизгиси, ал кимдин кызыкчылыгына, атынан айтсак, чөнтөгүнө кызмат кылат? Монополия майдын, демек, авиабилеттердин кымбатташына алып келбейби? Алып келсе компенсация кай мекеменин мойнунан төлөнөт?
Айтор ушуга окшогон суроо арбын. Арийне адаттагыдай эле жооп жок. «Көчүккө сууну шумдуктуудай куят да, жылый түшкөндө эле бир билип каласың», - дечү Борончу досум. Окуядан озбой туралы, жылыганда билебиз.

Компаниянын ээси жөнүндө да дөдөмөл-божомол мол. Бирок ал мен үчүн анчалык деле күтүүсүз эмес. Революция жеңип-жеңбей, жаңы бийлик үзөңгүсүнө буту илинип-илинбей жатып, Үсөн Сыдыков бекер жеринен «Манас» аэропортунун эки тизгин, бир чылбырын уулу – Бакыт Сыдыковго алып берген жок. А кишинин мурду өтө жытчыл. Казна кайда катылганын жытынан билет.» деп жазат Алым Токтомушев

«Революцияга катышканыма өкүнөм» деп баткендик Бакир Имаров Баткен облусундагы учурдагы бийлик талашуулар, коррупция, Досбол Нур уулунун жана Үсөн Сыдыковдун жоруктары тууралуу «Алас» гезитине маек курган.

"Апта жаңырык” жумалыгы өлкөдө экономикалык кризис тереңдеп, сормо саздын созулушунун себептерин иликтөөгө алган.

“Сарамжалдуу дыйкан өз огородуна суу буруштун алдында арыгын чаап алат. Ошол экономиканын арыгын чаап алыштын ордуна, сууну сарамжалсыз кое берип, аны башкарам деген көрүнүш биздин өкмөт башчыбыздын, жалпы бийлик акылмандарынын трагедиясы. Ал трагедия өздөрүнө эмес, элге тийүүдө. Баягы эле итке минген, алданган элдин шору” ” деп жазат “Апта жаңырык” гезитине кабарчы Алмазбек Эркебай.

Ушул жумалыкта Жогорку кеңештин депутаты Кабай Карабековдун “Аксы трагедиясынын башкы күнөөкөрлөрү учурда Акүйдө олтурат” деген маеги чыкты. “Мен жаңы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына каршымын. Болгону Аскар Акаев кетти. Ордуна Курманбек Бакиев келди. Ал эми заманыбыз, турмушубуз өзгөргөн жок” дейт депутат Кабай мырза.

Ошондой эле “оппозиция жөнүндө мыйзам долбоорун жаздык” деп маалымдайт “Ар-намыс” партиясынын лидери Эмил Алиев. “Апта жаңырык” жумалыгы “Аркан тартмай” деген жаңы рубрика ачып, Курманбек Бакиев менен Өмүрбек Текебаевдин бейенеси, ишмердүүлугүн талдоого алышкан. Экөөнүн окшоштуктары: ” өзүмчүлүктөрү, таңууланмалыктары, ички туйумдарынын ачыктыгы, көп кыйынчылыктарга дуушар болуулары жана экөө тең Акаевдин доорунда өнүп-өсүп баш көтөрүшкөндүктөрү” деп талдоо жүргүзүшкөн.

“Лица” гезити өткөн жылдын 24- мартында Аскар Акаев толкуган элге каршы курал колдонуп, элдин канын төгүүнү көздөгөн, бирок тилеги ишке ашпай калды” деген мурдакы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун маалыматын жарыялады.

“Лица” жумалыгы кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин ана башы Азиз Батукаевдин өмүр таржымалын, кылмыш чөйрөсүнө кантип аралашып, кандай оор кылмыштарды жасаганын, кантип “мыйзамдуу ууру” атыкканын кеңири баяндап, анын иш-аракетин талдоого алды.

“Слово Кыргызстана” гезити Кытай эл республикасына болгон мамлекеттик иш сапарында президент Курманбек Бакиев 14 документке кол коюп, Кытай менен кылымдык келишимдер түзүлгөнүн, экономикалык, соода жана маданий байланыштар тереңдеп, Кыргызстандын тамекиси Кытайга сатылаарын, президент баштаган расмий делегация Шанхай кызматташтык уюмун саммитине катышып жатканын маалымдады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG