Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

КОНСТИТУЦИЯНЫН ДОЛБООРУ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ДАЯР БОЛДУ


Үч түрдүү бийлик системасына ылайыкташтырылган Конституциянын долбоору жазылып бүттү. Ал жакынкы күндөрдө президенттин кароосуна kоюлат.Долбоорлорду жазган жумушчу топ 26-июндан тарта эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштамакчы.

Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун башчысы, Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназародун жума күндөгү билдирүүсүнө караганда, үч түрдүү: президенттик, парламенттик жана аралаш бийлик системасына ылайыкташтырылган долбоорлор кыргыз тилинде жазылып бүтүп, учурда аларды орус тилине которуу иштери аяктап баратат.

Ошондуктан президенттик администрациянын башчысына жана мамлекеттик катчыга кайрылуу жолдонуп, анда долбоорлорду тапшыруу үчүн президент менен жолугушууну уюштуруу сунушталды.

Андан кийин, 26-июндан тарта жумушчу топ төрткө бөлүнүп алып, район борборлорунда элге конституциялык реформа боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштайт. Ал он күнгө созулат.

Конституциянын жаңы долбоорлорунун баарында тең парламент 100% партиялык тизме боюнча шайлансын деген принцип киргизилүүдө.

Сот системасын түптөөдө да өзгөрүүлөр орун алууда. Ал тууралуу жумушчу топтун башчысы Азимбек Бекназаров буларды билдирди:

"Сотторду сот адилеттиги боюнча Улуттук кеңештин сунушу менен тийиштүү кеңештер шайлай турган болду. Маселен, Жогорку Соттун судьяларын Жогорку Кеңеш, жергиликтүү кеңештер жергилктүү сотторду шайлайт".

Жаңы долбоорлордо мамлекеттик тил бир гана кыргыз тили деп жазылууда.

Талдоочулардын пикиринде, жумушчу топ сунуш кылып жаткан долбоорлордогу мына ушул маселелер боюнча кызуу талаш-тартыштар жаралышы ыктымал. Белгилүү болгондой, долбоорлор Жогорку Кеңеш тарабынан талкууланат. Ал эми парламенттин депутаттарынын басымдуу көпчүлүгү эч кайсы партияда жок.

Ошондуктан алар бир мандаттуу округдардан шайлануу мүмкүнчүлүгүн толук жокко чыгарууну каалабайт. Ал эми кыргыз тилин жалгыз мамлекеттик тил статусунда калтыруу, Россиянын жана жергиликтүү орус тилдүү калктын нааразылыгын туудурат. Бул азыркы жогорку бийликке керексиз нерсе.

«Реформа үчүн» кыймылынын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев кыймыл өткөн жылы Конституциялык кеңеш тарабынан иштелип чыккан долбоорду жактаарын билдирди:

"Ал долбоор парламенттик бийлик системасына өтүү. Ошол эле убакта жалпы эл шайлаган президент болот. Биз ошого үгүттөйбүз. «Реформа үчүн» кыймыл мына ошол бирдиктүү иштелип чыккан долбоорду жактайбыз. Эгерде Бекназаровдун тобу иштеп чыккан долбоор менен биз жактаган долбоор төп келсе, анда ал колдоого алынат".

«Реформа үчун» кыймылынын лидерлеринин дагы бири, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев бийлик системасы тууралуу белгиледи:

"Биз негизинен эки принципти баса белгилегибиз келет. Шайлоо системасы өзгөрүп, ал партиялык принципте парламенттин түзүлүшүнө жол бериш керек. Шайлоодо жеңип чыккан партия, же коалициялык көпчүлүк өкмөттү дайындаш керек. Бул парламенттик башкаруунун негиздерин түзөт. Ал эми президент кандай болот, кандай шайланат, ыйгарым-укуктары кандай болот? Бул экинчи маселе. Муну азыркы эле аралаш системасы деп айтсак болот. Бирок укуктар, милдеттер аныкталып, так бөлүнгөн система. Бүгүнкүдөй башаламандыгы көп, компетенцияларга толук чек коюлбаган системадан алыс болушубуз керек".
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG