Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

ФУТБОЛ -2006. ДҮЙНӨЛҮК МЕЛДЕШ КЫРГЫЗСТАНДЫК КҮЙӨРМАНДАРДЫН КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА


Күн өткөн сайын футбол боюнча дүйнөлүк таймашуулар курчуп баратат. Бүгүн, 16-июнда кечинде Германияда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын таймашууларына Сербия жана Черногория менен Аргентина, Мексика менен Ангола, Голандия менен Кот-Д Ивуар өлкөлөрүнүн командалары чыгышат. Көгүлтүр экран аркылуу дүйнө чемпионатына кыргызстандык күйөрмандар да назар салышууда.

Футбол боюнча 18-дүйнө чемпионатында ат салышкан 32 улуттук команданын мыктылары иргеле баштады. Экинчи турдун алгачкы жыйынтыктарына жараша Германия, Эквадор жана Англия командалары алты упай топтоо менен сегизден бир финалга чыгуу укугуна ээ болушту. Биринчи турда Германия, Аргентина, Голландия, Чехия жакшы оюн көрсөтүштү.

Кыргызстандык футбол күйөрмандарынын айтымында Швеция, Польша, Жапония, Иран начар ойношту. Франциянын оюнуна да көңүл толбоду дешет айрым күйөрмандар. Жеке оюнчулардан германиялык Клозе, аргентиналык Рикельме, чехиялыктар Коллер, Росицки жана голландиялык Роббен чеберчилигин көрсөтүп жатышат.

Германияда дүйнөлүк кубок үчүн 32 мамлекеттин кимдер алдыга чыгат, байгени кайсы өлкөнүн футболчулары жеңиши мүмкүн? Оюндардын деңгээли кандай болууда?

Мына ушундай суроолорго кыргызстандык футбол күйөрмандары өз пикирлерин билдиришти.

Айбек: Бразилия кайрадан алтынчы ирет чемпиондугун сактап калат. Франция финалда аларга утулуп, экинчи болот. Ал эми оюн ээси Германия үчүнчү орунду ээлейт.

Асан: Финалга Бразилия менен Португалия же Бразилия менен Германия чыгат. Быйыл Португалия чемпион болушу ыктымал. Себеби Европа өлкөлөрү намысты алдырбоого аракет кылышат.

Канат:- Азия өлкөлөрүнүн командалары начар ойноп,деңгээли төмөн экенин көрсөтүп жатышат. Ал түгүл Африка өлкөлөрүнүн командалары бир аз жакшы ойношту. Украина үмүттү актаган жок. Эми чындап кызык оюндар болот окшойт, себеби, 1-2 тур бирин- бири сынамай, чалгындоо болгондой түр көрсөтүштү.

Кайрат: -Бул жолу да бразилиялыктар баш байгени алтынчы ирет жеңип алаарына ишенем. Башынан эле алардын күйөрманы болуп жүрөм.

Дүйнөлүк футбол чемпионатында Бразилия командасын сүрөөнгө алып, бирок украиналыктарга ийгилик каалап турганын күйөрман Кенжебек Аркыбаев айтты:

"Азия өлкөлөрүндө да футбол өтө тездик менен өнүгүп баратат. Футбол чоң саясатка айланып, дүйнө жүзүн арбап алды. Бразилиялыктар таза, мыкты футбол көрсөтүп, баарына үлгү болушту. Алардын оюнун рахатка батып, ыраазы болуу менен көрдүм. Украинага күйөрман болуп, ийгилик каалап тургам, бирок алар ишенимди актаган жок. Балким кийинки оюндарда жакшы ойноп, утуп алышаар, үмүттү өчүрбөй туралы".

Баса, Украинанын футбол федерациясынын президенти Григорий Суркис эгерде курама командасы өз тобунда сегизден бири болуп чыкса 3 млн. доллар сыйлык ала турганын расмий жарыялады. Ошондо ар бир оюнчу 100 миң доллардан ашык сыйлык алмакчы.

Ошондой эле Сауд Арабиянын канзаадасы Султан да курама командасы жеңген сайын ар бир оюнчуга 100 миң реалдан сыйлык бере турганын айткан. Ошентип алар сегизден бир финалга чыкса ар бир оюнчусу 160 миң доллардан сыйлыктын ээси болушат. Эгерде Түштүк Корея дүйнө чемпиону болсо ар бир оюнчуга 530 миң доллардан сыйлык өкмөт тарабынан белгиленген. Ал эми 2002-жылкы ийгилигин кайталаса анда ар бирине 315 миң доллардан сыйлык берилээрин кореялык жетекчилер айтышкан.

Быйылкы дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү кайрадан Бразилия командасы болушу мүмкүн экенин өлкөнүн футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Дастан Конокбаев айтып, ага теңдеш атаандаштар жок дейт.
Дүйнөлүк мелдеште ар дайыма күтүүсүз жаңылыктар болушу да ыктымал. Ошон үчүн мурдатан мыкты оюнчу тигил же бул болот деп айтуу азырынча эртелик кылат. Себеби алдыда дагы таймашуулар, күч сынашуулар турат. Бразилиялыктар дүйнөнүн беш жолку чемпиону болсо дагы бир да жолу Европада өткөн чемпионаттарда жеңишке жетишпей арманда жүрүшкөнүн да эскертип, айта кетели.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG