Өзбек тилине расмий маккам берүү маселесин айрым адамдар жеке кызыкчылыктар менен көтөрүүдө, деп билдирди вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова жума күнү ЕККУнун өкүлдөрү менен жолугушууда. Болжурова ошондой эле Кыргызстанда өзбек тили, маданиятынын өнүгүүсүнө жакшы шарттар түзүлгөнүн, ошол эле кезде Өзбекстандагы кыргыздардын абалы оор экенин белгилеген.