Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши кечээ күнү Либериянын мурдагы президенти Чарльз Тейлорду Гаага шаарындагы Эл аралык сотко берүү тууралуу чечимди бекитти. Кеңештин бардык 15 мүчө-мамлекети бир добуштан колдогон ал чечимге ылайык, уюмдун баш катчысы Кофи Аннан эми Тейлорду кармап, Гаагага жеткирүү боюнча чара көрүүгө тийиш.